Конституциалист болгусу келген журналист үчүн сабактар
Л.С. Мамут, россиялык укук коргоочу, юридика илимдеринин доктору, профессор
Эгер сиз сот тутумунун тармагында жазууну каалаган журналист болсоңуз, анда сөзсүз түрдө юрист болуунун кереги жок, башкысы – негизди жана ѳзгѳчүлүгүн түшүнө билүү керек. Аны үчүн, конституционализм эмне экенин түшүнүү үчүн, сизге биздин сабактар жардам берет. Бул билимдерди алуу менен, аларды сиз өзүңүз туура колдоно аласыз.
Конституционализм – бул конституциялык тексттерден (конституциялардан жана конституциялык мыйзамдардан), негизги мыйзамды колдонуу менен практикалык ишмердүүлүктөн, Конституция үчүн жана ага каршы идеялык-партиялык кыймылдардан, анын теориясын жана тарыхын окуткан илимден турган бирдиктүү тутум.
Дээрлик ар бир журналисттин соттук тематикага, жана конституциялык сот адилеттүүлүгү сыяктуу анын өзгөчө бөлүгүн жазууга таланты жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок, кээде тигил же бул суроо боюнча ѳзгѳчѳлүк билим керек болуп калат, ошондо Конституциялык палата коомчулукка конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн ченемдерин түшүндүрүү үчүн программаны ишке ашырып турат. Мындай шаймандардын бири болуп журналисттер үчүн конституционализмдин Жайкы мектебин өткөрүү болуп саналат. Жылуу күндөрдө, көлдүн жээгинде, шаар ысыктан кыйналып жатканда, ал эми көпчүлүк журналисттердин жумушу азайып калган мезгилде, КП жаш жана тажрыйбалуу журналисттер үчүн тренингдерди өткөрүп баштайт. Судьялар бул органдын ролу, анын иш милдеттери жана чечимдер кандайча кабыл алынаары жѳнүндѳ айтып беришет.
1-сабак. Бир аз теориядан
Конституциялык көзөмөл органынын же Конституциялык палатанын ролу:
– Конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоо;
– Адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин коргоо;
– Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы жаңжалдарды чечүү;
– Укуктун, мыйзамдын, Конституциянын үстѳмдүгүн бекемдөө;
– Коомдогу тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө.
Конституциялык палатанын курамы:
– Парламент тарабынан 7 жылдык мѳѳнѳткѳ шайлануучу он бир судьядан турат;
– Судьялар жыйналыш ачылган учурдан тартып жабылганга чейин ишти кароого жеке өздөрү катышат;
– Судьянын жыйналышка катышуусуна тоскоолдук кылган учурларды кошпогондо, судьялардын эч кимиси ишти кароодон четтөөгө укуксуз;
– Жыйналышка катышкан судьялардын эч кимиси добуш берүүдө калыс калууга укуксуз; ар бир судья иш боюнча өз көз карашын жеке өзү билдирүүгө милдеттүү;
Конституциялык палатанын актылары:
– КП актылары акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт;
– КП чечимдери жана корутундулары жарыяланган учурдан тартып, ал эми башка актылары кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет;
– КП актылары жалпыга милдетүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат;
– КП актылары мамлекеттик органдарын, алар тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актыларды Конституцияга жана Конституциялык палатанын актыларына ылайык келтирүүнү милдеттендирет;
– Аларды ылайык келтирүүгө же жокко чыгарууга чейин түздөн-түз Конституция, ошондой эле Конституциялык палатанын чечими колдонулат;
– КП чечимдери жана корутундулары КП сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына» жарыяланат.
2-сабак. Сапаттуу маалымат алып жүрүүчүлөр менен мамиле түзгүлө, бул сизге сапаттуу материал даярдоого жардам берет:
Сапаттуу маалымат алып жүрүүчүлөр болуп саналышат:
– Конституциялык палатанын (КП) судьялары;
– КП пресс-кызматы;
– Кѳз карандысыз юристер, жождордун окутуучулары;
– Ѳкмѳттүк эмес сектордун эксперттери, укук коргоочулар;
– Конституционализмдин Жайкы мектебин ѳткѳн журналисттер;
– КП сайтында жайгаштырылган маалымат (www.constsot.kg);
– Саясатчылар (ЖК депутаттары, чиновниктер, оппозиционерлер)
3-сабак. Деталдарга көңүл буруу жана уга билүү кѳйгѳйлѳрдү кызыктуу чечимдерди табууга жардам берет
Макала жазуу үчүн журналистке соттун ишинин ѳзгѳчѳлүгүн билүүсү керек, ал мүмкүнчүлүгүнө жараша терең анализ жүргүзүп же жок дегенде ал суроону изилдеп чыгышы керек, объективдүүлүк жана тең салмактуулук принциптерин кармашы керек. Эң маанилүү, бул маанисин жоготуп же алмаштырып албай жана элге жеткиликтүү тил менен «юридикалык тилде» берүүгө көнүү. Ошондой эле соттордун, угуулардын жана чечимдердин аталыштарын берүүдө так болуу. Маалыматты контекстте берүү, статистиканы, салыштырма таблицаны пайдалануу.
4-сабак. Биринчи болуңуз
Азыркы учурда конституционализм темасына кызыккан журналисттер өтө көп. Бул орунду ээлөө менен сиз биринчи боло аласыз. Активдүүлүк көргөзүңүз, КПнын ачык отурумдарына катышыңыз, ошондо ал жакта каралып жаткан маселелердин маңызын дагы тереңирээк түшүнө аласыз. Эгер сиз КП басма сөз кызматы менен тыгыз байланышсаңыз, анда жайкы лагерге баруучулардын тизмесине кире аласыз, бул мыкты бонус болуп калмакчы.
5-сабак. Катышуучулардын пикирлери
Ташиева Перизат, Юстиция министрлигинин алдыңкы адиси: «Менде мектеп жѳнүндѳ, Конституциялык соттордун судьялары жѳнүндѳ жакшы гана таасирлер калды, негизинен алар абдан ачык экен. Талкуулардын убагында бизди кызыктырган суроолорубузга жооп алдык».
Исмаилов Азат, Улуттук банктын юристи: «Мен үчүн бул пайдалуу семинар болду, мен ал жактан Конституциялык палата жѳнүндѳ көп нерсени биле алдым. Судьялар өз лекцияларын аудиторияга абдан жеткиликтүү болгону мага абдан жакты».
Маматкеримова Гульмира, долбоордун менеджери: «Мен бардык мектептерде болдум (бул жылда ал 4 жолу өткөрүлдү, анда ар кандай максаттуу топтор – ӨЭУ, журналисттер, жактоочулар жана мамлекеттик органдар катышышты, алардын бардыгы Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруучулар). Процесс динамикада кандай өтүп жаткандыгын байкай алдым. Бул укмуш болду. Мен катышуучулардын жана талкуулардын жогорку деңгээлинен ырахат алдым, алар абдан кызыктуу жана ачык болду. Биз алардын көңүлүн бир гана укуктун үстѳмдүгүн жана конституционализмди бекемдөөгө бурбастан, өзүбүз дагы ар кайсы тармактагы мыкты адистер менен достошо алдык, алар Европа Биримдиги жана БУУѲП иштеген тармактарда өтө көптү жасай алышат. Биз аларды болочоктогу иштерибизге сөзсүз түрдө тартышыбыз керек, бир гана Конституциялык палатанын иштери боюнча эмес, укуктук үстѳмдүгүн ар кандай маселелери боюнча. Менин оюмча жыйынтык мыкты болду! Менин оюмча, бул мамлекеттин чыныгы конституционалдуулугуна айланышы мүмкүн».