Административдик-процесстик кодекстин 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
2024-жылдын 6-мартында Конституциялык сот Административдик-процесстик кодекстин 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдин “жана даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган жактарга өткөрүп жиберген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосун Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды.
Арыз ээлеринин пикири боюнча талашылып жаткан ченем адилет соттук териштирүү укугун чектейт жана соттук коргоо укугун бузат, анткени аны менен административдик доо коюунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүүгө тыюу салуу белгиленген.
Конституциялык сот өз чечиминде колдонуудагы доонун эскирүү институту процессуалдык мөөнөттөргө салыштырмалуу эффективдүү укуктук каражат болуп саналат деп белгилген. Туура колдонууда бул мөөнөттөр конституциялык укуктун маңызын бузбайт жана ал үчүн мыйзам чыгаруучу административдик сот өндүрүшүн жөнгө салууда преклюзивдик (токтотуучу) мөөнөт колдонуу менен милдеттерди толук чечет.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилген доо коюу мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө өзүнүн маңызы боюнча преклюзивдик мөөнөт катары чыгат, ал мөөнөттүн бүтүшү субъективдүү укуктун сөзсүз түрдө токтотулушуна алып келээри менен мүнөздөлөт. Сот талаш-тартыштын тараптарынын арыздарына карабастан преклюзивдик мөөнөттү колдонот жана бул мөөнөттөр токтотула турууга, үзгүлтүккө учуратылууга же калыбына келтирилүүгө жатпайт.
Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 26-июнундагы Чечиминде мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын жана башкаруучулук чечимдеринин укук ченемдүүлүгү маселесинде ашкере узакка созулган белгисиздиктин мүмкүндүгүн жоюуга багытталган мындай процессуалдык эреже объективдүү себептер болгон учурда да соттук коргоо укугун ишке ашырууну чектебеши керек деп белгиленген.
Доонун эскирүү институту процессуалдык токтотуучу мөөнөттөр сыяктуу эле укук мамилелеринин катышуучулары өздөрүнүн жүрүм-турумунун кесепеттерин негиздүү алдын ала көрө билүүсү жана башка адамдардын өзүм билемдигинен камсыздандырылган өздөрүнүн укуктук статусунун өзгөрбөстүгүнө, ошондой эле өзүнүн абалынын укуктук кесепеттерин болжолдоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан улам келип чыккан белгисиздик абалынан корголууга ишеними болушу үчүн зарыл.
Ошентип, токтотуучу мөөнөттүн материалдык-укуктук мүнөзүн эске алып, Конституциялык сот адамдын бардык башка укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуунун негизин түзгөн негизги конституциялык кепилдик катары жарандардын сот адилеттигине баштапкы жетүүсү менен байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салууда мындай механизмди колдонуунун жол берилбестиги жөнүндө тыянакка келди. Мыйзам менен Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине чектөө коюлушу мүмкүн эмес (23-берененин 2, 4-бөлүктөрү).