Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Ч. А. Уметалиеванын жана Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунун судьясы А. А. Аскарбековдун кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренесинин (2017-жылдын 2-февралындагы редакциясында), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 73-беренесинин (конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
2024-жылдын 21-июнунда Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин жогоруда аталган беренелеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, Чечим кабыл алган, анда көрсөтүлгөн жоболор ушул Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө баяндалган укуктук позициялардын күчүнөн улам колдонууга жатпай тургандыгын тааныган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш – жаза кодексинин 62-беренеси (2017-жылдын 2-февралындагы редакциясында) жазыктык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотууну, ал эми Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 73-беренеси (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясында) – айыптоо өкүмүн аткаруунун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотууну карайт. Конкреттүү иштерди кароого байланыштуу Конституциялык сотко кайрылган судьялар конституциялык контролдоо органынын алдына Кылмыш-жаза кодексинин аталган беренелеринин мыйзамдын өткөн мезгилге карай колдонулбайт деген конституциялык принцибинин контекстинде колдонуусу жөнүндө укуктук маселени коюшкан.
Конституциялык сот өз Чечиминде мыйзамга өткөн мезгилге карай колдонуу күчүн берүү институту мыйзамды узакка созулган мамилелерге карата колдонууда маанилүү экендигин белгиледи. Жаңы ченемди ал күчүнө киргенге чейин келип чыккан фактыларга жана анын натыйжасында келип чыккан укуктук кесепеттерге жайылтуу жолу менен аны колдонуунун эрежелерин белгилөө (ретроактивдүүлүк) же, тескерисинче, айрым учурларда күчүн жоготкон ченемди колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жол берүү (ультраактивдүүлүк) мыйзам чыгаруучунун дискрециясына таандык. Тиешелүү түрдө укуктук жөнгө салуу укуктук мамлекеттин конституциялык принциптеринен улам аныктык, айкындуулук жана карама-каршылыктуулук эмес талаптарына жооп бериши керек, ал эми аны колдонуунун механизми тиешелүү укук мамилелеринин субъекттерине түшүнүктүү болууга тийиш.
Доонун эскирүү мөөнөтү институту – бул оболу, мамлекет тараптан жумшактыктын көрүнүшү болуп саналат.
Доонун эскирүү мөөнөтү институтун колдонуу эрежелерин өзгөртүү менен мамлекет укуктук аң-сезимдин жана укук тартибинин абалын, кылмыштуулуктун деңгээлин жана башка актуалдуу чакырыктарды эске алуу менен коомдун өнүгүүсүнүн бул же тигил мезгилиндеги конкреттүү абалына жараша аракеттенет. Бирок, бул укук бузуучуларга өз процесстик укуктарын кыянаттык менен пайдалануу жана бул укуктук куралды өз кызыкчылыктарында колдонуу үчүн негиз түзүүнү болжобойт.
Ушуга байланыштуу доонун эскирүү мөөнөттөрүн белгилөө институту укукка каршы аракеттердин жазык-укуктук кесепеттерин жеңилдетүү катары каралышы мүмкүн эмес, тиешелүү түрдө Конституциянын 60-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган эрежелерге туура келбейт, анткени ал конкреттүү кылмыш жосуну үчүн жаза мөөнөтүн кыскартуу, анын квалификациясын анча оор эмеске өзгөртүү маселелерин козгобойт жана жоопкерчиликти жеңилдетүүгө же кылмыш-жаза жоопкерчилигин толук алып салууга (декриминалдаштырууга) алып келбейт.
Баш Мыйзамдын 60-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 60-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук маанисине таянып, доонун эскирүү мөөнөтүн белгилөө институту аларды колдонуу учуруна гана кылмыш-жаза мыйзамдарынын колдонуудагы эрежелерине ылайык иштейт. Бул институтту туура колдонуу коомдогу өзгөрүүлөргө адекваттуу чара көрүүгө, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоого мүмкүндүк берет.