Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 344-беренесинин 1-бѳлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

2014-жылдын 31-октябрында Конституциялык палата автордук, мурас жана шайлоо укуктарын коргоодон тышкары башка иштер боюнча көзөмөл тартибинде даттанууларды бир жылдын ичинде берүү талабын бекиткен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 344-беренесинин 1-бѳлүгүнүн ченемдик жобосу Конституциянын 20-беренесинин ченемдерине карама-каршы келбейт деген Чечим чыгарды.

 

Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, бул ченем анын жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратууга болгон укугун чектөө менен бирге, соттук коргонуу укугунун ишке ашырылышына жолтоо түзөт.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөѳлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

 

Конституция тарабынан ар кимге анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер белгиленген. Соттук коргонуу укугунун таасирдүү кепилдиги болуп, жогору турган сот тарабынан ишти кайра кароо мүмкүнчүлүгү эсептелет. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат деп Конституциянын 99-беренесинин 5-бѳлүгүндө бекитилген.

 

Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу бузулган укуктардын таасирдүү түрдө калыбына келишинин механизмин түзүү максатында Жарандык процесстик кодексинде сот актыларын кайра кароо жол-жоболорун караштырган.

 

Сот процесстин катышуучуларынын даттануулары боюнча сот актыларын кайра кароо түрүндө жергиликтүү соттордун сот ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жүктөлгөн.

 

Соттук акт мыйзамдуу күчүнѳ кирген учурдан тартып тѳгүндѳлбѳстүк, артыкчылык, милдеттүүлүк, преюдициялдуулук, аткарымдуулук белгилерине ээ болот. Бул белгилердин айкалышы соттук чечимдин мыйзамдуу күчүн билдирүү менен бирге анын туруктуулугун камсыз кылат.

 

Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды кайра кароонун негиздерин, шарттарын, тартибин жана мөөнөттөрүн мыйзам менен бекитүү зарылдыгы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 4-, 5-бөлүктөрүнүн талаптарынан келип чыгат. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды текшерүү маӊызы боюнча бул соттук актылардын акыркылуулугун чектѳѳ мүмкүндүгүн билдиргендиктен, мыйзам чыгаруучу аларды кѳзѳмѳл тартибинде кайра кароонун институционалдык жана жол-жоболук шарттарын тийиштүү түрдө орнотууга милдеттүү.

 

Процессуалдык укуктук мамилелердин туруктуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу максатында процессуалдык мөөнөттөрдү орнотуу менен бирге, мыйзам чыгаруучу ошол эле убакытта сот процессинин катышуучуларынын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылууну көздөйт.

 

Кызыктар тараптардын кѳзѳмѳл тартибинде даттанууларды берүү мүмкүнчүлүгү бир жылдык мөөнөт менен чектелгендиги, мыйзамдуу күчүнѳ кирген сот актысынын жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун ишке ашырууда тоскоолдук катары каралышы мүмкүн эмес.

 

Каралып жаткан маселенин тийиштүү түрдө жөнгө салынбагандыгы, укуктук мамилелердин туруктуулугунун бузулушуна, алардын катышуучуларынын сот актысы менен белгиленген укуктук статусун эркин өзгөртүүгө алып келмек, талаш-тартыш материалдык укук мамилелеринде, ошондой эле соттук талаштарга байланыштуу болгон процессуалдык укук мамилелеринде таксыздыкты билдирмек.

 

Тѳрагалык кылуучу Касымалиев Мукамбет Шадыканович

Судья-баяндамачы Сооронкулова Клара Сыргакбековна