Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
2022-жылдын 28-декабрында Конституциялык сот судья Жыпар Жумадиловна Сабырованын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчүн карады.
Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 3- бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.
Конституциялык контролдоо органы өз чечиминде жашы жете элек балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырууга кепилдиктерди белгилөө максатында, аларды багуу боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурларда мыйзам чыгаруучу тарабынан үй-бүлөлүк-укуктук, жарандык-укуктук жана жазык-укуктук тартипти мамлекеттик мажбурлоо (юридикалык жоопкерчилик) чаралары каралган, алар бири-бирин толуктоочу катары каралат.
Жазык жоопкерчилигинин келип чыгышынын шарттарына алимент алуучунун материалдык жоготууларында аныкталган, алар: алимент өз убагында төлөнбөгөндүгү же такыр төлөбөгөндүгү натыйжасында келип чыккан коомдук-коркунучтуу зыян; алимент төлөөчүнүн жүрүм-турумунун укукка жатпагандыгы; укук бузуучунун атайылап жасаган жүрүм-туруму менен келип чыккан кесепеттердин ортосундагы себептик-натыйжалык байланыш; укук бузуучунун күнөөсү.
Төлөнбөгөн мезгил аралыгы үч айдан кем эмес же козголгон аткаруу өндүрүшү алкагында бир жылдын ичинде топтолгон суммада болууга тийиш.
Башкача айтканда, чечимде көрсөтүлгөндөй үч ай катары менен же бир жылдын ичинде топтолгон суммада алимент төлөбөгөндүгү фактысы табылгандыгына же көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин адам алимент төлөбөй келгенин ыктыярдуу токтотконудугуна байланыштуу кылмыш аяктайт.
Ушуга байланыштуу, укук бузуучу буга чейин жазаланган мурда жоопкерчиликтин болушу аны мындан ары мындай аракеттерди жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартуудан бошотпойт. Ар кандай укук бузууларды бири-биринен ажыратуу анын субъектиси боюнча эмес, жөнгө салуу предмети боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
Конституциялык сот белгилүү бир этапта мыйзам чыгаруучу тарабынан кайталануучулуктун механикалык белгиси жана өз алдынча укук бузуулардын топтолушу боюнча кылмыш деп жарыяланган бардык укукка каршы жосундар эч кандай түрдө бири-бирине байланыштуу эмес деп эсептейт; алар ар башка: бул укук бузууну жасаган адамдын эрки ар бир жолу көрсөтүлгөн өзүнчө укук бузууда аягына чейин чыгат. Демек, кылмыштар адамдын ниети менен байланышпаган бир нече көз карандысыз, биротоло аткарылган укук бузуулардан турат. Ар бир укук бузууга карата арам ой өзүнчө пайда болот жана толугу менен, биротоло ишке ашырылат.
Ушуга байланыштуу, мурда балдарды багуудан качкандыгы үчүн соттолгон адамдарда алименттик милдеттенмелер боюнча жаңы карыздар пайда болгондо, алар Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинде каралган жаңы кылмыштын курамын түзөт.
Конституциялык сот жогоруда баяндалгандар менен катар, Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинде белгиленген колдонуудагы укуктук жөнгө салуу жазык жоопкерчилигинин максаттарына жетишүүнү камсыз кыла албайт, анткени ал жазалардын диапазонун, анын ичинде квалификациялык, оордотуучу белгилерге ылайык караган дифференцияланган жазаларды дайындоо механизмин камтыбайт деп белгилейт. Көрсөтүлгөн белгилерге суммардык эквивалентте белгилүү бир мезгилден ашык карыздын суммасынын ашып кетүүсүнүн эселүүлүгү сыяктуу белгилерди киргизсе болот (мисалы, эки же андан көп жылга барабар төлөө мөөнөттөрүнөн ашкан карыздын суммасына алып келген ошол эле аракеттер).
Күнөөлүү адамдын инсандыгын, объективдүү жана акылга сыярлык негиздемеси бар башка жагдайларды, кылмыш жасагандан жана жаза өтөгөндөн кийинки жүрүм-турумун, ошондой эле көңүл бурууга татыктуу жана кесепеттерге адекваттуу баа берүүнү талап кылган инсанды мүнөздөөчү башка жагдайларды эске албастан жазык жоопкерчилигин жана жазаны мыйзамдык белгилөөнүн жоктугу коомдук коркунучтуу жосундардын ар кандай даражалары үчүн жоопкерчиликтин бирдей чараларын колдонууга алып келбеши керек, бул маңызы боюнча адилеттүүлүктүн жана гуманизмдин конституциялык принциптерине карама-каршы келет.
Балдарды багуу өтө узак мөөнөттү (эрезеге жеткенге чейин) болжойт, ал эми жазык мыйзамы тарабынан алардын кызыкчылыктарын коргоонун күчүндө болуу режими туруктуу мүнөзгө ээ.
Бул жазалар тутуму жасалган жосундун салыштырмалуу оордугун эске алуу менен алардын функционалдык максатына жараша иерархиялык ырааттуулукта кураштырылышы керек дегенди болжолдойт.
Баяндалгандарды эске алуу менен, Конституциялык сот жазык мыйзамдары кылмыштын мүнөзүн, Конституция жана жазык мыйзамы менен корголгон баалуулуктар үчүн анын кооптуулугун эске алууга мүмкүндүк берүүчү зарыл укуктук инструменттерди камтууга тийиш деп белгиледи. Алименттик милдеттенмелер боюнча кылмыштын бардык квалификациялануучу курамын эске алуу менен жазык жоопкерчилигин күчөтүү – инсандын мамлекет менен коомдук-укуктук мамилелеринде юридикалык жоопкерчиликтин конституциялык принциптерине жана кепилдиктерине шайкеш келет.