Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунун, 260-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
Конституциялык сот 2023-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунун, 260-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды.
Конституциялык сот өз чечиминде мамлекеттик иштин өзгөчө түрү катары жазык процессуалдык иш анын субъекттеринин өз ыктыяры жана каалоосу боюнча ээнбаштык менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес деп белгиледи. Бул үчүн мамлекет кылмыш-процессуалдык процесстин мүнөзүн, анын мазмунун жана багытын аныктоочу бири-бири менен тыгыз тутумдук байланышта турган жалпы жана атайын эрежелерди, негизги жоболорду мыйзам чыгаруу жолу менен түзөт.
КЖПКнын талашылып жаткан ченемдеринин мазмунун жазык-процессуалдык жоболордун комплексинен, атап айтканда, КЖПКнын 27-беренесинен бөлүп, өзүнчө пайдалануу талашылып жаткан ченемдерди девианттык, туура эмес түшүнүүгө алып келди. Жыйынтыгында бул маселе боюнча соттун чечими болсо да, прокурор тарабынан кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомду жокко чыгарып, иш боюнча өндүрүштү кайра улантууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Өзүнүн жогорку максатына ылайык сот өзгөчө бийликтин ээси болуп саналат жана мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органы ээ болбогон бийликтик-башкаруучулук ыйгарым укуктарга ээ. Сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып, алар соттук көзөмөлдүн же тике соттук териштирүүнүн алкагында кабыл алынганына карабастан, төгүндөлбөстүк, өзгөчөлүк, милдеттүүлүк, бейкалыстык, аткаруучулук касиеттерге ээ болот жана башка мамлекеттик органдардын актылары менен жокко чыгарылбайт.
Ошол эле учурда колдонуудагы укуктук жөнгө салуу бул маселеге соттук баа берилген учурда кылмыш ишин токтотуунун мыйзамдуулугуна прокурордук көзөмөл жүргүзүү маселеси боюнча прокурордун өзүм билемдик менен кароосуна жол берет, бул сот гана ээ болгон ыйгарым укуктарга кол салуу болуп саналат. Мындай укуктук кырдаалга Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик органдарынын системасын түзүүнүн конституциялык принциптери жагынан да, бийликтин сот бутагынын конституциялык-укуктук статусу жагынан да жол берилгис.
Ушуга байланыштуу Конституциялык сот, соттук көзөмөлдүн колдонулуп жаткан системасында кыскартылган кылмыш ишти ошол эле негиздер боюнча өз билемдик менен, көп жолу кайра баштоо аркылуу үзгүлтүксүз кылмыш куугунтуктоо коркунучун жасалма түрдө түзүүгө жол берилбейт, бул жазык сот өндүрүшүнүн максаттарына, атап айтканда, жазык өндүрүшүн аяктоонун бир формасы катары аны кыскартуунун максатына карама-каршы келет, адамдын ар-намысын бузууга жөндөмдүү болгон инсандын конституциялык эркиндиктери үчүн ашыкча түйшүк болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдер прокурорго мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү өз күчүн жоготпогон сот актысы менен ырасталган жазык ишин токтотуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу жана ал боюнча өндүрүштү кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн берген даражада соттук коргонуу, соттук актылардын төгүндөлбөстүгү жана жалпыга милдеттүүлүгү жөнүндө конституциялык орнотмолорго карам-каршы келет деп эсептейт.