Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 204 токтому менен бекитилген Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибинин 10-13-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

2024-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 204 токтому менен бекитилген Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибинин 10-13-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты.

 

Арыз ээси өзүнүн кайрылуусунда жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин талашылып жаткан ченемдерине ылайык, ага карата анын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген анык эмес (жалган) маалымат жайылтылды деп эсептеген ар бир адамга өз укуктарын коргоого, анын ичинде маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган чечимге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга өзгөчө мүмкүнчүлүк берилгендигин көрсөткөн. Ошол эле учурда, башка кызыкдар тарапка – сайттын же сайттын баракчасынын ээсине бул укук берилген эмес.

 

Конституциялык контролдоо органы өзүнүн Чечиминде талашылып жаткан Тартип ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш-аракеттеринин жол-жоболорун аныктаарын, алар мөөнөтүн белгилөө менен анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу, ошондой эле аны алып салуу жөнүндө арызды кабыл алуудан негиздүү баш тартуу чечимдерин кабыл алууну камтый тургандыгын белгилеген.

 

Конституциялык сот ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирилген жарандын укуктары сайттын же веб-баракчанын ээсинин кызыкчылыгынан жогору турган артыкчылыктуу мааниге ээ экендиги тууралуу укуктук жөнгө салууну белгилөө Конституциянын ченемдерине жана духуна ылайык келет деп эсептейт. Тактап айтканда, адамдын кадыр-баркы абсолюттук жана кол тийгис мүнөзгө ээ болуп, башка конституциялык кепилдиктерден, анын ичинде өз пикирин билдирүү эркиндигинен, сөз жана басма сөз эркиндигинен жогору турат, бул башка укуктарды ишке ашыруу процессинде аларды ар кандай кемсинтүүгө жол берилгис кылат (Конституциянын 29-беренесинин 1-бөлүгү).

 

Аталган учурда Интернет тармагындагы сайттын же баракчанын ээси укук бузуучу катары чыгат, ал ар кандай кырдаалда жана ыкчам тартипте инсандын кадыр-баркын калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш. Ошентип, бул иш-аракеттер, маңызы боюнча, мамлекеттин конституциялык милдетин аткаруу болуп саналат жана Интернет түйүнүндөгү сайттын же баракчалардын ээлеринин укуктарын ашыкча жүктөө же өлчөмдөш эмес чектөө, ошондой эле Конституциянын 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболорун бузуу катары каралышы мүмкүн эмес.

 

Мындан тышкары, Конституциялык сот ошондой эле анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу мүмкүнчүлүгү же жок кылуудан баш тартуу, ошондой эле мындай маалыматты Интернетте жайылтуудан улам сайттын же сайттын барагынын иши токтотулган учурда Тараптардын бири да сотко чейинки жана соттук адилеттүү коргонуу укугунан ажыратылбай тургандыгын белгилейт.

 

Бул санариптик мейкиндикте мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү сактоо, ошондой эле маалыматка кеңири жеткиликтүүлүк шарттарында жарандардын коопсуздугун жана укуктарын коргоо үчүн мамлекеттин жоопкерчилигин баса белгилейт.