Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө Жобонун 4-пунктунун жетинчи абзацынын «2016-жылдын 7-июнунан тартып» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

Конституциялык сот 2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө Жобонун 4-пунктунун жетинчи абзацынын «2016-жылдын 7-июнунан тартып» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.

 

Конституциялык сот өз чечиминде, иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акылар кызыктыруучу төлөмдөргө тиешелүү жана кызматтык маянага кошумча төлөнөт деп белгиледи. Алар эмгек акынын курамдык бөлүгү болуп саналса да, жумуштун татаалдыгын, санын жана сапатын эске алуу менен аткарылган конкреттүү эмгек үчүн акы (компенсация) катары каралышы мүмкүн эмес. Мындай кошумча төлөмдөрдү киргизүү маселелери конституциялык-укуктук жөнгө салуунун алкагынан чыгат жана мамлекет аларды экономиканын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жана бюджеттик укуктун принциптерине жараша чечүүгө укуктуу.

 

Мыйзам чыгаруучу биринчи жолу 2016-жылдын 7-июнунан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына убактылуу иштебеген кызматкерди алмаштырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын иш убактысын эсепке алуу эрежесин киргизген, демек талашып жаткан ченемдик жобо менен иш стажы үчүн кошумча акы эсептөө үчүн ушул эрежени колдонуунун башталышы катары ошол эле күндүн белгиленишин айрым субъекттердин башкаларга карата абалын начарлатуучу жана теңсиздик факторун камтыган жагдай катары кароого болбойт.

 

Баяндалгандарды эске алуу менен Конституциялык сот, мыйзам чыгаруучу жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан талашып жаткан ченемдик жобону киргизилиши алардын дискрецияларынын чегинде ишке ашырылган жана иштебеген кызматкерлерди убактылуу алмаштырган адамдардын абалын этап этап менен жакшыртууга багытталган ырааттуу чаралар катары кароо керек, жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын укуктук статусу менен шартталлган деген тыянакка келет.

 

Ошентип, 2016-жылдын 7-июнуна чейинки жана андан кийинки мезгилдеги иштебеген кызматкерди убактылуу алмаштыруу мезгилиндеги кызматкердин иш стажын иш стажы үчүн кызматтык маяналарына ай сайын үстөк акыларды эсептөө үчүн эске алууну укуктук жөнгө салуудагы дифференцияланган мамиле кызматкерлердин эч кандай басмырлоосуз жана мурда берилген укуктарды кемсинтпестен, адилеттүү эмгек акы алуу боюнча конституциялык укугун бузуу катары кароого болбойт