Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 216-беренесинин 7-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
Конституциялык сот 2023-жылдын 18-январында Н.А. Алиеванын жана А.М. Осмоналиеванын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 216-беренесинин 7-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
Конституциялык сот талашылып жаткан ченем Конституциясынын 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 95-беренесинин 1-бөлүгүнө, 97-беренесинин 3-бөлүгүнө, 102-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деген тыянакка келди.
Конституциялык контролдоо органы өз чечиминде Конституциянын үстөмдүгү жана түздөн-түз иштөө принциби артыкчылык мааниге ээ жана субординацияланган-багытталган мүнөзгө ээ, анын маңызы ченемдик-укуктук мүнөзгө ээ болгон бардык актылардын иерархиялык баш ийүүсүн камсыз кылуудан турат деп белгиледи.
Негизги Мыйзамдын 95-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык судьялар көзкарандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийишет. Сот Конституцияга карама-каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз экендигин белгилеген 102-берененин 1-бөлүгү менен ченемдик биримдикте судьянын биринчи кезекте конституцияга баш ийүүгө жана эч кандай учурда конкреттүү ишти чечүүдө конституциялуулугунда күмөн пайда болгон ченемдик укуктук актыны колдонбоо милдети келип чыгат.
Конституцияны түздөн-түз колдонуу жөнүндө бардык сотторго карата айтылган талапты эске алуу менен, ишти чечүүдө колдонулган же колдонууга жаткан Мыйзамдын конституциялуулугунда күмөндүүлүк пайда болгондо конституциялык контролдоо органына соттун суроо-талабы жөнүндө маселе өзгөчө мааниге ээ.
Анын үстүнө соттордун мыйзамдын конституциялуулугун жана аны Конституциялык сотко кайрылбастан конкреттүү иште колдонуу мүмкүнчүлүгүн өз алдынча баалоосуна жол берилбейт, анткени ал конституциялык ченемдерди ар кандай чечмелөөгө жана карама-каршылыкты жараткан сот практикасынын калыптанышына алып келиши мүмкүн, ал сөзсүз түрдө Конституция менен корголгон баалуулуктарга жана түзүлүштөргө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине терс таасирин тийгизет.
Ошентип, иш боюнча өндүрүштү милдеттүү түрдө токтото туруу Негизги Мыйзамдын 102-беренесинин түздөн-түз контекстинен гана эмес, Конституциянын бардык деңгээлдеги мыйзамдардан үстөмдүгүнүн, анын түздөн-түз аракетинин, судьянын баш ийүүсүнүн принцибине, баарынан мурда Конституцияга негизделет (6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү, 95-беренесинин 1-бөлүгү).
Мындан тышкары, иш боюнча өндүрүштү токтото туруунун милдеттүүлүгү шек туудурбашы керек жана Конституциялык сотко кайрылуу демилгечисинин укуктук статусуна да көз каранды болбош керек. Жеке адамдар жана юридикалык жактар Конституциялык сотко кайрылган учурда, жалпы юрисдикциядагы соттордо иш боюнча өндүрүштү токтото туруу үчүн Конституциялык сотко кайрылуу фактысынын өзү эмес, конституциялык сот өндүрүшүнө өтүнүчтү кабыл алуу жөнүндө соттук акт гана негиз боло алат. Ошону менен, Конституциялык сот мыйзамдын конституциялуулугунда айтылган шектенүүлөр олуттуу негиздерге ээ экенин алдын ала тастыктайт.
Конституциялык сот бул маселе боюнча Конституциялык сот чечим чыгарганга чейин мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселени жалпы юрисдикцияга сот тарабынан мыйзамдар менен алдын ала чечүү мүмкүнчүлүгүнө жол берилбестигин өзгөчө белгилейт.
Ушуга байланыштуу соттун иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө маселени, анын ичинде ишти чечүүдө колдонулган же колдонууга жаткан мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну өзүнүн кароосуна кабыл алуу жөнүндө конституциялык контролдоо органынын билдирүүсүн алган учурда өзүнүн кароосу боюнча чечүү укугун белгилеген жана талашылып жаткан ченем укуктук жөнгө салууда ашыкча аракет жана ал укуктук тутумдан алып салууга жатат.