Меню навигации+

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

Конституциялык сот 2023-жылдын 23-майында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Конституциялык сот өз чечиминде парламенттин көз карандысыздыгы бүткүл эл тарабынан шайланган Президент жана Жогорку Кеңеш өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгү, ошондой эле мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү системасындагы анын өзгөчө орду менен шартталганын белгилеген (Конституциянын 4-беренеси).

Парламенттин жана депутаттык мандаттын укуктук мүнөзү депутаттын кызматтык милдеттерин тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу, ошол эле учурда аны негизсиз куугунтуктоолордон коргой ала турган депутаттын ишине атайын кепилдиктердин болушунун зарылдыгын алдын ала аныктайт.

Алсак, Конституциянын 78-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет.

Депутатты жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартиби биринчи кезекте анын өзүнүн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткаруусун жана коомдук-укуктук ишмердигин натыйжалуу жүзөгө ашыруусун камсыз кылууга багытталган жана парламенттик иммунитеттин маанилүү белгилеринин бирин түзөт.

Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу ыйгарым укуктарына ээ болуу жана аларды өз каалоосу боюнча мазмун менен толтуруу боюнча өзүнүн ажыратылгыс укугун пайдалануу менен “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамга Жогорку Кеңештин депутатына карата Башкы прокурордун жазык ишин козгоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө жобону Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана киргизген (138-берененин 1-бөлүгү). Муну менен Жогорку Кеңеш депутаттын укуктук кол тийбестигинин чегин кеңейтип, парламенттин макулдугун алуу жол-жобосун кылмыш ишин козгоо стадиясына чейин узартты. Жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык бул маселе Башкы прокурордун ыйгарым укуктарына киргизилген, ал өз алдынча чечим кабыл алат.

Жазык ишин козгоо стадиясынын процесстик мааниси ал жасалган кылмыштын бардык жагдайларын толук жана ар тараптуу изилдөө, далилдерди чогултуу жана фиксациялоо, күнөөлүү адамдарды ашкерелөө жана аларга карата жазык-процесстик мажбурлоо чараларын өз убагында колдонуу максатында кылмыштын ар бир фактысына жооп кылуу жана андан кийинки бардык тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзөт.

Ушуга байланыштуу, укуктук иммунитет, анын ээсине карабастан, жазык ишин өз убагында козгоого жана кылмыштарды табуу боюнча механизмдин нормалдуу иштешине тоскоол болбоого тийиш.

 

Конституциялык сот депутатка карата Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана кылмыш ишин козгоо мүмкүндүгүнө жол берген талашылып жаткан ченемдин мазмуну парламенттик кол тийбестик максаттарына туура келбейт жана жеке артыкчылык элементтеринин пайда болушуна алып келиши мүмкүн деп белгиледи. Кол тийбестик депутаттын өзгөчө укуктук статусунун элементи болуу менен депутатты юридикалык жоопкерчиликтен негизсиз бошотууга өбөлгө боло турган куралга айланбашы керек.

 

Ошентип, парламенттик кол тийбестик институту мамлекеттин коомдук-саясий турмушунун конкреттүү муктаждыктарына жооп берген укуктук баалуулук болуп саналат, ошентсе да, депутаттын жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликтен сөзсүз бошотулушун болжой албайт.

 

Демек, кылмыш жасады деген негиздүү шектенүүлөр болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатына карата жазык ишин козгоо депутаттын ишине жана көз карандысыздыгына кол салуу болуп саналбайт.

 

Баяндалганды эске алуу менен, Конституциялык сот “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын 138-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган, депутатка карата кылмыш ишин козгоого Жогорку Кеңештин макулдугун алуу зарылдыгын белгилеген механизм укуктук кол тийбестиктин максаттарына шайкеш келбейт жана Конституциянын 24-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 78-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген чектен чыгып кетет деп белгиледи.