Меню навигации+

М.М. Жорокуловдун, Т.У. Музулмановдун, С.А. Матцаковдун жана Н.Ж. Жаныбековдун кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 120-беренесинин жана 267-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

2025-жылдын 17-сентябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 120-беренесинин жана 267-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап, анын жыйынтыгы боюнча аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан.

 

Арыз ээлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 120-беренесин айыпталуучунун, анын жактоочусунун жана кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларынын кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу сотко өтүнүч менен кайрылуу жана тиешелүү сот чечимдерине даттануу укугун караштырбаган бөлүгүндө конституциялык эмес, ошондой эле ушул Кодекстин 267-беренесинин 5-бөлүгүн — Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранышкан, анткени ал айыпталуучуга же анын жактоочусуна кылмыш иши кыскартылгандан кийин кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтомун жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч менен сотко өз алдынча кайрылуу укугун бербейт. Алардын пикири боюнча, бул тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу, соттук коргоого болгон укук, күнөөсүздүк презумпциясы жана эмгекке болгон укук сыяктуу конституциялык принциптерди бузат.

 

Конституциялык сот ишти кароонун жыйынтыгы боюнча  төмөнкүдөй тыянакка келди.

 

Конституциялык сот укуктук мамлекеттин негизи катары укук тартиби мамлекеттен өзүм билемдик эмес, укук бузууларга карата так регламенттелген чара көрүү формаларын талап кыларын баса белгиледи. Бул контекстте сотко чейинки өндүрүш укук тартибине болгон чакырыкка мамлекеттик чара көрүүнүн алгачкы формасы катары чыгат жана Конституция, ошондой эле кылмыш-жаза процессуалдык мыйзам менен аныкталган алкактарда жүзөгө ашырылат.

 

Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларынын бири кызматтан убактылуу четтетүү болуп саналат. Конституциялык сот бул чара камсыз кылуучу жана убактылуу мүнөзгө ээ экендигин, мыйзамдуу негиздер болгондо сот тарабынан колдонуларын жана сот адилеттигинин кызыкчылыктарын коргоого, тергөөнүн объективдүүлүгүнө жана процесстин катышуучуларына басым жасоону болтурбоого багытталганын белгиледи.

 

Ал жазалоо болуп саналбайт жана кылмыш өндүрүшүнүн натыйжалуулугуна, калыстыгына жана мыйзамдуулугуна коркунуч туудурган жагдайларды жоюу каражаты катары кызмат кылат.

 

Ошол эле учурда Конституциялык сот кызматтан убактылуу четтетүү эмгекке болгон конституциялык укукка таасир этерин белгиледи, анткени адам иш жүзүндө өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу жана ага байланыштуу эмгектик кепилдиктерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылат. Эмгекке болгон укукту чектөө Конституция тарабынан сот адилеттигинин, коомдук тартиптин кызыкчылыктарын жана башка адамдардын укуктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурда гана жол берилет жана өлчөмдөштүк принцибин сактоо менен мыйзам аркылуу гана киргизилиши мүмкүн. Мыйзам чыгаруучу, четтетүү жөнүндө чечимди сот гана кабыл ала тургандыгын белгилөө менен соттук көзөмөлдү эмгек укуктары чөйрөсүнө өзүм билемдик менен кийлигишүүдөн коргоонун негизги кепилдиги катары караштырган. Бул чараны колдонуунун соттук тартиби маселени тараптардын тең укуктуулугу жана атаандаштыгы шарттарында кароону камсыз кылат жана айыпталуучуга, ошондой эле  анын жактоочусуна өз каршы пикирлерин билдирүүгө мүмкүндүк берет.

 

Конституциялык сот убактылуу четтетүү мөөнөтсүз мүнөзгө ээ боло албасын жана аны колдонууга негиз болгон жагдайлар жоюлганда жокко чыгарылышы керектигин баса белгиледи. Кылмыш ишин кыскартуу чараны сактоонун укуктук негизин жоюп, аны милдеттүү түрдө жокко чыгаруу зарылчылыгын жаратат.

 

Конституциялык сот ошондой эле колдонуудагы жөнгө салуу кылмыш иши кыскартылганда кызматтан убактылуу четтетүүнү жокко чыгарууну токтоосуз демилгелөө боюнча тергөөчүнүн жана прокурордун түздөн-түз милдетин камтыбагандыгын  белгиледи, бул болсо чаранын колдонулушун өзүм билемдик менен узартуу жана адамдын конституциялык укуктарынын бузуу тобокелдигин жаратат.

 

Аныкталган боштукту жоюу максатында Конституциялык сот сотко чейинки стадияда кылмыш ишин кыскартууну жөнгө салуучу КЖПКнын 258-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын көрсөттү, анда тергөөчүнүн жана прокурордун бөгөт коюу чараларын жана камсыз кылуунун башка чараларын жокко чыгаруу менен бирге кызматтан убактылуу четтетүүнү жокко чыгаруу маселесин кароо боюнча түз милдетин караштыруу керек. Ушундай эле тартип кылмыш-жаза процессинин соттук стадияларында — иш кыскартылганда жана өкүм чыгарылганда, анын мүнөзүнө карабастан, камсыз кылынышы керек.

 

Конституциялык соттун пикири боюнча, мындай ыкма кылмыш-жаза процессуалдык чечимдин толуктугун жана аякталышын камсыз кылат, укуктук негизин жоготкон чектөөлөрдүн сакталышын жокко чыгарат жана жарандардын укуктун үстөмдүгү принцибине болгон ишенимин бекемдейт.

 

Мындан тышкары, Конституциялык сот чараны жокко чыгарууну демилгелөө милдетин аткарбаган тергөөчүнүн же прокурордун аракетсиздиги соттук коргоого болгон укукту ишке ашыруу каражаты катары КЖПКнын 125-беренесинин тартибинде даттанылышы мүмкүн экендигин белгиледи.

 

КЖПКнын 120-беренеси боюнча Конституциялык сот бул ченем процессуалдык мажбурлоо чарасын колдонуунун негиздерин, шарттарын жана жокко чыгаруу тартибин жөнгө саларын, бирок ага даттануунун тартибин жана чектерин аныктабай тургандыгын белгиледи. Демек, КЖПКнын 120-беренеси тергөө судьясынын кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө токтомуна даттануу укугун чектөөчү катары каралышы мүмкүн эмес жана анын конституциялуулугу көрсөтүлгөн аспектте ушул өндүрүштүн алкагында баалоого жатпайт.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Конституциялык сот кызматтан убактылуу четтетүү мыйзамда так аныкталган учурларда гана жол берилет, чектелген колдонуу мөөнөтүнө ээ болушу керек жана негиздер жоюлганда милдеттүү түрдө жокко чыгарылууга тийиш, ошону менен сот адилеттигинин кызыкчылыктары менен инсандын конституциялык укуктарын коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылат деген тыянакка келди.