Молдогазиев Н. Д. кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 129-беренесинин 7-пунктунун жана 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
2024-жылдын 13-ноябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 129-беренесинин 7-пунктунун жана 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап, жыйынтыгында чечимдин резолютивдик бөлүгү менен аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.
Соттук териштирүүлөр жөнүндө кабардар болуу укугу калыс сот адилеттигинин негизи болуп саналат. Ушуга байланыштуу мамлекет бул укукту ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүн болгон каражаттарды колдонууга жана сот процессинин катышуучуларынын бардык процессуалдык укуктарын сактоону камсыз кылууга тийиш.
Соттук кабарлоолордун мазмунунда дарек ээсинин жоктугуна байланыштуу кабардаманы (чакыруу катты) кабыл алган адамдын биринчи эле мүмкүнчүлүк болгондо аны дарек ээсине тапшырууга милдеттүүлүгү жөнүндө көрсөтмөнүн болушу мыйзамга баш ийген жарандын үлгүсүнөн келип чыккан катардагы жарандык милдетти аткарууга болгон чакырыктын чегинен чыкпайт, демек ал адамга ченемдеш болбогон жоопкерчиликти жүктөө катары каралышы мүмкүн эмес.
Социалдык чыр-чатактарды жана ар кандай талаш-тартыштарды сотто кароо аларды чечүүнүн жыйынтыктоочу жана акыркы жолу болуп саналат. Чыр-чатактар аларды чечүүнүн сот тартибине чейин эле пайда болот. Бул жалпысынан бул окуяларга тиешеси бар адамдар, эреже катары, мүмкүн болуучу соттук жоопкерчилик жөнүндө кабардар дегенди билдирет. Ушул жагдай, ар бир жарандын өзүнүн инсандыгын тастыктаган документтерге ээ болууга, ошондой эле анын иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоого турууга милдеттүүлүгү менен бирге Конституциялык сот талашылып жаткан укуктук жөнгө салууну түзүлгөн кырдаалда объективдүү мүмкүн болуучу жана соттук коргоо укугу менен калыс сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу боюнча конституциялык жоболорду бузбоочу катары баалайт.
Ошону менен бирге Конституциялык сот соттук кабарлоолордун учурдагы системасы заманбап техникалык жетишкендиктерди эске алуу менен колдонуудагы механизмдерди укуктук жөнгө салууну жакшыртууга муктаж деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине колдонуудагы укуктук жөнгө салууга аталган Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.