«Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бѳлүгүнүн, 2-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 2-пунктунун, 3-беренесинин 3-абзацынын, 4-беренесинин 1, 2-пункттарынын, 5-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнүн, 6-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрүнүн, 7-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ
2015-жылдын 14-сентябрында Конституциялык палата, «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бѳлүгүнүн, 2-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 2-пунктунун, 3-беренесинин 3-абзацынын, 4-беренесинин 1, 2-пункттарынын, 5-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнүн, 6-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрүнүн, 7-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып жана талашка түшкѳн ченемдердин конституциялуугу жѳнүндѳ чечим чыгарды, ошону менен бирге Жогорку Кеңешке «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Мыйзамына чечимдин жүйѳлѳѳчү бөлүгүнѳн келип чыккан тиешелүү ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизсин деп тапшырылган.
Конституциялык палатага жаран Н. Токтакунов жана Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар уюмунун тѳрагасы Т. Уметалиева «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жогоруда кѳрсѳтүлгѳн ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 6-беренесине, 16-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 24-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 29-беренесинин 1, 3, 4-бѳлүктѳрүнѳ, 52-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктуна карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү менен кайрылышкан.
Н. Токтакуновдун ырастоосу боюнча милдеттүү биометрикалык каттоо принциби биометрикалык маалыматтарды берүүгө мажбурлоо дегенди түшүндүрөт, бул мажбурлоо өз кезегинде физикалык күч колдонууга мүмкүнчүлүгүн ачат, анткени биометрикалык маалыматтарды берүү биометрикалык маалыматтардын ээсинин катышуусуз мүмкүн эмес, бул адамдын жеке турмушу жѳнүндѳ маалыматты, жашыруун маалыматты анын макулдугусуз жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга конституциялык тыюу салууга каршы келет. Биометрикалык маалыматтар базасы Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналаары жѳнүндѳгү талашка түшкөн ченемдер, арыз ээсинин пикири боюнча, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнөн биометрикалык маалыматты анын алып жүрүүчүсү менен пайдалануу жана жайылтууну милдеттүү түрдө макулдашуу милдетинен куткарат.
Т. Уметалиеванын пикири боюнча, талашка түшкөн ченемдер анын макулдугусуз, ошондой эле тиешелүү соттун чечимисиз адам тууралуу жашыруун маалыматты мыйзамсыз чогултууга жол берет, ал эми жарандардын биометрикалык маалыматтары «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жеке маалыматтар болуп саналат жана аларга Конституцияда бекитилген жеке турмушунун кол тийбестик кепилдиктери жана принциптери жайылтылат. Арыз ээси, бир дагы мыйзам актысы жарандарга милдеттүү тартипте өзүнүн жеке маалыматтарын берүү милдетин тага албастыгын жана бир дагы мамлекеттик орган жарандардан өздөрүнүн жеке маалыматтарын берүүнү талап кылууга укуктуу эмес деп эсептейт, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан башка максаттарда жана андан көбүрөөк укуктарды жана эркиндиктерди чектөөнү орнотууга жол бербейт.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.
Адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат. Ушунун баары толугу менен жеке кол тийбестикке жана жеке турмушунун кол тийбестигине болгон конституциялык укуктарга таандык (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бѳлүгү, 24-беренесинин 1-бѳлүгү, 29-беренесинин 1-бѳлүгү).
Мамлекеттин бул укукту ишке ашырууда мүмкүн болгон кийлигишүү учурлары мыйзамдын негизинде гана милдеттүү коргоо кепилдиги (анын ичинде соттук) менен жана улуттук коопсуздук жана коомдук тартипти, калктын саламаттыкты, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укугун жана эркиндигин коргоо максаттарында гана жол берилет (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бѳлүгү, 29-беренесинин 3, 4-бѳлүктѳрү).
Ошол эле учурда, адамдын жеке турмушу жѳнүндѳ маалыматты анын макулдугусуз жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтууга мыйзамдуу кийлигишүү мүмкүнчүлүгү Конституцияда белгиленген конституциялык маанилүү максаттарга ылайык келиши керек. Өз кезегинде, биометрикалык маалыматтарды жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтууну караган жарандардын биометрикалык маалыматтары сыяктуу мындай механизмди киргизүү көргөзүлгөн конституциялык максаттарга шайкеш келиши керек.
Биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен адамды идентификациялоо заманбап илим менен технологиянын жетишкендиги катары көптөгөн мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда таанылып келатат. Негизинен, биометрикалык идентификацияны колдонуу жарандык авиациянын эл аралык умунунда (ИКАО) каралып, ийгиликтүү колдонулуп жатат. Биометрикалык маалыматтар маселесин жөнгө салуу Евробиримдиктин деңгээлинде, эки багыт боюнча ишке ашырылып жатат: биометрикалык визалар жана биометрикалык паспорттор бөлүгүндө.
Белгилей кетүү керек, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында жаңы муундун паспорттук-визалык документтеринин мамлекеттик маалыматтык тутумун түзүүдөгү кызматташуу жана аны андан ары өнүктүрүү жана КМШ мүчө-мамлекеттеринде колдонуу жѳнүндѳ Макулдашууга кол коюлган (2008-жылдын 14-ноябры, Кишинев ш.), ал биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен жаңы муундун паспорттук-визалык документтеринин мамлекеттик маалыматтык тутумун түзүүнү караган, жана Макулдашуунун мүчө-мамлекеттеринин улуттук коопсуздугунун тутумун жакшыртууга багытталган.
Ошентип, биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен жаңы технологияларды киргизүү дүйнө жүзүндө таралган практика болуп саналат жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү каражаты болуп саналат. Буга ылайык, биометрикалык маалыматтарды милдеттүү берүүнү камтыган милдеттүү биометрикалык каттоо принциби (Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бѳлүгү жана 4-бѳлүгүнүн 1-пункту) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүн сактаган учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүн, 6-беренесин, 24-беренесинин 1-бѳлүгүн жана 29-беренесин бузуу катары каралбашы керек.
Мамлекеттин конституциялык маанилүү максаттарынын бири болуп, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат, ал инсандын, коомдун жана мамлекеттин ички жана тышкы коркунучтардан корголгондугунун абалы катары мүнөздөлөт, ал конституциялык укугун, эркиндигин, жарандардын турмушунун татыктуу деңгээлин, эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн, коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Шайлоо мамлекеттик бийликти уюштуруу жана кызмат кылуу тармагында конституциялык түзүлүш катары улуттук коопсуздуктун объектиси болуп саналат. Өкүлчүлүк органдарынын шайлоону мезгилдүү өткөрүп турушу мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун институттарынын өз убагында жаңылантуусунун кепили болуп чыгат жана конституциялык түзүлүштүн туруктуулугун камсыз кылат. Шайлоо калктын бийликке болгон ишениминин индикатору жана аны легитимдештирүүнүн маанилүү ыкмасы болуп кызмат кылат. Ошол эле убакта, шайлоонун социалдык-саясий маанилүүлүгүнүн күчүндө, алар ар кайсы топтордун жана өзүнчө адамдардын укукка каршы умтулууларынын объектиси болуп калышы мүмкүн, ал шайлоочулардын добушун манипуляция кылуу менен шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого багытталган, бул мамлекеттин жаңы тарыхы көргөзүп тургандай, ар кандай социалдык-саясий козголоңдорго алып келиши мүмкүн, жана ал Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян алып келүүгө жөндөмдүү. Ошондуктан, мамлекет өткөрүлүп жаткан шайлоонун айкындуулугун, чынчылдыгын жана адилеттүүлугун камсыз кылуунун ар кандай шаймандарын иштеп чыгууга жана пайдаланууга укуктуу. Мындай шаймандардын бири шайлоочулардын актуалдашкан тизмесин түзүүдө жаңы технологияларды пайдалануу болуп саналышы мүмкүн.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине Кыргыз Республикасынын жарандарына берилген өздүгүн тастыктоочу жасалма документтерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу дагы кирет. Кол менен жасоодон корголбогон расмий документтер бардык мамлекеттин коопсуздугу үчүн олуттуу коркунучту жаратат. Мындай коркунуч Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн дагы, чет мамлекеттик жарандар үчүн дагы мыйзамсыз аракеттерди жасоо үчүн жасалма документтерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн болжолдойт.
Ошентип, жарандарды өз убагында каттоо жана идентификациялык документтерди берүү максатында жарандарды биометрикалык каттоо, ошондой эле шайлоочулардын актуалдашкан тизмесин түзүү чынчыл, эркин жана айкындуулук шайлоону камсыз кылууга жөндөмдүү шайлоо процессинин ажырагыс бөлүгү катары, мамлекеттин улуттук коопсуздугун коргоону камсыз кылуунун алкагында жеке турмушунун кол тийбестигине укукту чектөөгө шайкеш болуп саналат.
Бул учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына идентификациялык документтерди берүү бөлүгүндөгү талашка түшкөн Мыйзамды ишке ашыруунун даражасы киргизилген чектөөнүн шайкештигин укуктук баалоо маселесинде мааниге ээ эмес.
Аны менен бирге, талашка түшкөн ченемде (Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бѳлүгү) аныкталган башка милдеттер, алардын мамлекеттик жана социалдык маанисине карабай, жол берилбеген жалпыланган мүнөзгө ээ, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө учурунда ылайыксыз болуп саналат. Аталган милдеттер, өз маңызы боюнча, талашка түшкөн Мыйзамдын максаттары болуп саналат, аларга биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын актуалдашкан базасын түзүү аркылуу жетсе болот. Буга байланыштуу мыйзам чыгаруучуга «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизиши керек, булар Мыйзамдын так жана ачык максаттарын аныктап, аларга жетүүчү механизмдерди так иштеп чыгышы керек.
Жарандарды биометрикалык каттоо өзүнө уюштуруучулук жана техникалык мүнөздү камтыгандыктан, бул маселелерди конкреттештирүү жана деталдаштыруу мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынышы мүмкүн. Мындай укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт тарабынан 2014-жылдын 27-августундагы №492 «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартиби жөнүндө» токтомун кабыл алуу аркылуу ишке ашырылган.
«Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык биометрикалык маалыматтар базасын кармоочусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган болуп саналат (Мыйзамдын 3-берененин 3-абзацы), ал эми биометрикалык маалыматтардын базасы Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат (Мыйзамдын 6-берененин 1-бѳлүгү).
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрѳт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарымдуу мамлекеттик орган милдетин жүктөгөндүгү жөнүндө талашка түшкөн мыйзамдын ченеми конституциялык мыйзамдын алкагынан чыкпайт.
Конституция менен ар кимге өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ болууга кепилдик берилет. Интеллектуалдык менчик мыйзам менен корголот. Ошондуктан, мамлекет үчүн маалыматтар базасына укукту бекитип берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу деп таанылбайт, ал эми биометрикалык маалыматтар базасынан маалымат алуу мыйзам менен каралган учурларда гана ишке ашырылат.
Ошентип, Кыргыз Республикасы үчүн маалыматтар базасына укук бекитип берүү мүлк маалыматтары башкаруу тартибинде аныкталбагандыгын четтетүүгө гана багытталган, жана кимдир бирөөнүн конституциялык укуктарын бузуу үчүн негиз болушу мүмкүн эмес.
Арыз ээсинин пикири боюнча, биометрикалык маалыматтар базасынан маалыматтарды алуу жана берүүнү жөнгө салган Мыйзамдын талашка түшкөн ченемдери (6-берененин 3-бѳлүгү жана 7-берене) адамдын жана жарандын жеке турмушу жѳнүндѳ маалыматтын коопсуздугунун кепилдиги туурасында конституциялык жоболорун бузат.
Биометрикалык маалыматтар жеке маалыматтардын өзгөчө сезгич категориясы болуп саналат, аларды мыйзамсыз колдонуу коркунуч жаратат жана бул маалыматтардын субъектилеринин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу тарабынан Мыйзамдын 6-берененин 2-бөлүгүндө биометрикалык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө», «Маалыматташтыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» мыйзамдары менен коргоо каралган. Буга ылайык, биометрикалык маалыматтарды жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтууну алып бара турган мамлекеттик ыйгарымдуу орган маалыматтар базасына санкцияланбаган жеткини жокко чыгаруу үчүн аталган мыйзамдарды кынтыксыз аткарышы керек.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда адамдын макулдугусуз биометрикалык маалыматтар жѳнүндѳ маалымат алууну караган талашка түшкөн Мыйзамдын 7-берененин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт, анда «мыйзам чыгаруу» түшүнүгү алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары гана алынган.
Мыйзамдын (6-берененин 3-бѳлүгү, 7-берененин 2-бѳлүгү) талашка түшкөн ченемдерин башкача түшүнүү адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин, жеке маалыматтарынын коопсуздугунун конституциялык кепилдигинин бузулушуна алып келиш мүмкүн. Талашка түшкөн ченемдерди түшүнүүдө жана колдонууда кош маанилүүлүктү жокко чыгаруу максатында мыйзам чыгаруучу «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизиши керек.
Төрагалык кылган Мукамбет Шадыканович Касымалиев
Судья-баяндамачы: Айсалкын Омуралиевна Нарынбекова