«Электр жана почта байланышы жөнүндө» КР Мыйзамынын 21-1 беренесинин 1-бѳлүгүнүн, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бѳлүгүнүн жана 3-бѳлүгүнүн ченемдик жоболорунун жана КР Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган №360 «Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган КР мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ
2015-жылдын 22-апрелинде Конституциялык палата, жаран Н.А. Токтакуновдун жана «ВИНЛАЙН» жоопкерчили чектелген коомдун кайрылуулары боюнча «Электр жана почта байланышы жөнүндө» КР Мыйзамынын 21-1 беренесинин 1-бѳлүгүнүн, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бѳлүгүнүн жана 3-бѳлүгүнүн ченемдик жоболорунун жана КР Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган №360 «Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган КР мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карады жана «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бѳлүгүнүн жана 3-бѳлүгүнүн ченемдик жоболору жана «Электр жана почта байланышы жөнүндө» КР Мыйзамынын 21-1 беренесинин 1-бѳлүгү КР Конституциясынын 29-беренесинин 1, 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келбейт деп чечим чыгарды.
Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, талашка түшкѳн ченемдерде, мыйзам чыгаруучу КР Өкмөтүнүн изин суутпай издөө ишин ишке ашыруу процессинде жана жашыруун маалыматты тымызын алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салуу жана алардын тизмесин аныктоого негизсиз укук берген. ТК ИСИИКти пайдалануу кат жазышуу, телефон аркылуу жана башка сүйлөшүүлөрдү, телеграфтык, электрондук жана башка маалыматтардын купуялуу болуу укуктарын чектөөгө түздөн-түз тиешелүү жана ага ылайык мыйзам алдындагы актылар менен жөнгө салынышы мүмкүн эмес. Адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү, анын ичинде ал жѳнүндѳ маалыматтарды жыйноо, сактоо жана пайдалануу укукту чектөөчү мүнөздөгү чаралар катары мыйзам менен гана аныкталууга тийиш.
Анын үстүнѳ, электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган КР мамлекеттик органдары менен өз ара аракетинин тартиби жөнүндө Нускамасы пайдалануучу ТК ИСИИК тарабынан байланыш кызматтары жѳнүндѳ маалыматка, түйүндөргө жана байланыш каналдарына, маалымат базаларына, байланыш операторунун автоматташтырылган тутумдагы маалыматка жол ачуу үчүн милдеттүү соттук актыны талап кылууну камтыбайт, ошону менен КР Конституциясынын 29-беренесинин жоболорун бузуп жатат. Аны менен бирге, мобилдуу уюктук байланыштын операторуна ага таандык болгон байланыш тармактарына жана каналдарына менчик каражаттарынын эсебинен ТК ИСИИК андан ары техникалык тейлөө жана программалык камсыздоо үчүн өз мезгилинде жаңыртууга жабдууларды сатып алуу, орнотуу, иштетүү, монтаждоого мыйзамсыз оордукту жүктөгѳн. Байланыш операторунун каражаттарынын эсебинен ТК ИСИИК сатып алуу анын алардын менчикке болгон укугун камтыйт, бирок бул жабдуу жана Нускама тарабынан байланыш операторуна жүктөлгөн милдеттемелерден улам, акыркылар менчик ээсинин – ТК ИСИИК юридикалык тагдырын аныктоо, ээ болуу, пайда алуу укуктарын ишке ашыра албайт. Мындай абал, Конституция менен кепилдик берилген КР Конституциясынын 12-беренесинин 2, 3-бѳлүктѳрүндѳ бекитилген менчикке кол тийбестик укугун бузат.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.
Жеке турмушунун кол тийбестигинин маанилүү шарттары болуп саналган укуктардын катарына КР Конституциясы кат-кабар алышуу, телефон жана башка сүйлөшүүлөр, почта, телеграфтык, электрондук жана башка маалыматтардын купуялуулук укугун киргизет; мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга тыюу салынат, ошону менен бирге жеке турмушунун кол тийбестик укугунун жалпы кепили болот; эгерде жеке турмушуна ѳз билемдик менен кийлигишсе, анда КР Конституциясы коргоону, анын ичинде соттук коргоону кепилдейт, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берет (29-берененин 2,3, 4-бѳлүктѳрү).
Ошону менен бирге кат-кабар алышуу, телефон жана башка сүйлөшүүлөр, почта, телеграф, электрондук жана башка маалыматтардын купуялуулугуна болгон укук абсолюттук укук болуп саналбайт жана мыйзамга ылайык жол берилген чектөөлөргө жана соттук актынын негизинде гана дуушар болушу мүмкүн. Ошону менен бирге киргизилген чектөөлөр улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарына өлчөмдөш болуушу керек.
КР Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун конкреттиштирип «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» КР Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгү мыйзам менен корголуучу кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына, ошондой эле турак жайдын кол тийбестик укугуна тиешелүү изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө оор жана өзгөчө оор кылмыштарды даярдап жаткан же жасап жаткан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап жаткан же болбосо жасаган адамдар жөнүндө маалыматты жыйноо үчүн кийин 24 сааттын ичинде көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго маалымдоо менен изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдын жетекчилеринин биринин жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча соттук чечимдин негизинде гана жол берилет деп орнотот.
Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн эрежеден «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» КР Мыйзамынын 9-беренесинин 3, 4-бѳлүктѳрүнѳ ылайык кийинкиге калтырууга болбогон жана террорчулук актысын же диверсияны жасоого алып келген учурларда, же айрым адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, менчигине коркунуч келген учурда, алардын арызы же алардын кат жүзүндөгү макулдугу боюнча учурларда ѳзгѳчѳлүктѳр болууга жол берилет. Мындай учурларда, тиешелүү органдын жетекчилеринин биринин жүйөлөштүрүлгөн токтомунун негизинде тиешелүү сотко (судьяга) жана көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго токтоосуз маалымдоо жана кийин 24 сааттын ичинде соттун чечимин алуу менен изин суутпай издөө иш-чаралары жүргүзүлѳт.
Кат жазышуу, телефон жана башка сүйлөшүүлөр, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн сырына тиешелүү болгон жогоруда келтирилген беренелердин мааниси боюнча, укуктарды чектөө мыйзам менен бекитилген, мамлекеттик органдардын бул тармакка кийлигишүүсүнө соттук актынын негизинде гана жол берилет, ошону менен КР Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптары мыйзам чыгаруучу тарабынан сакталат.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилген укуктук чектөөлөр изин суутпай издөө ишмердүүлүгүн максаттары жана милдеттери менен алдын ала аныкталган. Ага ылайык, жеке жашоо жѳнүндѳ маалымат ал тууралуу маалыматтарды алуу үчүн эле эмес, биринчи кезекте изин суутпай издөө ишине жетишүү үчүн зарыл. Ошону менен изин суутпай издөө иши өзүнүн максаттары, милдеттери, жана аларды чечүү ыкмалары боюнча аны ишке ашыруу тармагына тартылган адамдын конституциялык укуктарын чектөө зарылчылыгы менен объективдүү байланышкан.
«Изин суутпай издөө иши жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жеке жашоого анын ичинде кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына укук болгон укукту бузуучу катары бааланышы мүмкүн болгон кандайдыр бир жоболорду камтыбайт.
Улуттук коопсуздук органдарына түйүндөрдө жана байланыш каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын техникалык ишке ашырууну жүктөө ТК ИСИИК орнотуу, пайдалануу жана сакталышы, анын техникалык тейлөө жана ченемдүү пайдалануу үчүн, башкысы - мыйзамдуулукту камсыздоо жана изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жашыруундук режимин сактоого жоопкер болгон бирдиктүү органды аныктоо зарылчылыгына байланыштуу алдын ала аныкталган.
Буга байланыштуу мыйзам чыгаруучу дал ошол улуттук коопсуздук органдарына түйүндөр жана байланыш каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын ишке ашыруу укуктарын берди, жана ошону менен бирге ИСИИКтин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын мыйзамдуулугу жана маалыматка мыйзамсыз киргендиги, ошондой эле ТК ИССИКга карата административдик-техникалык маселелерди чечүүдө толук жоопкер болууга милдеттендирди.
Ошентип конституциялуулугу талашылып жаткан «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бөлүгү КР Конституциясынын 29-беренесин бузган жоболорду камтыбайт.
Конституциялуулугу талашка түшкөн Нускама «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» жана «Электр жана почта байланышы жөнүндө» КР Мыйзамдарынын буйруктарын аткаруу үчүн КР Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген. Мыйзамдардын ченемдери изин суутпай издөө ишинин жүргүзүүнүн жалпы негиздерин аныктайт жана мыйзам алдындагы ченемдик актылар үчүн аларды өткөрүү тартибин деталдуу чейин регламенттештирүүчү баштапкы болуп саналат. Ошону менен КР Өкмөтү талашка түшкөн токтомду кабыл алууда өзүнүн укуктарынын алкактарынан чыккан жок.
Кайрылуучу тараптын КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнундагы №360 «Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган КР мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомун конституцияга ылайык эмес деп таануу талабы каралып жаткан иштин алкагында текшерүүнүн предмети болушу мүмкүн эмес, анткени бул субъектинин өтүнүчүндө Нускаманын конкреттүү ченемдеринин мазмунун текшерүү жѳнүндѳ талаптар жок. Ушул эле себептерден улам бул Нускама тарабынан КР Конституциясынын 12-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү тарабынан кепилдик берилген байланыш операторунун менчик укуктарын мыйзамсыз чектөөлөргө жол берүүлөр жѳнүндѳ «WINLINE» («ВИНЛАЙН») ЖЧКсынын далилдери дагы эске алынышы мүмкүн эмес.
Талашка түшкөн «Электр жана почта байланышы жөнүндө» КР Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнѳн келип чыккан мобилдик байланыш операторунун зарыл болгон маалыматты берүү милдеттери изин суутпай издөө иш милдеттери менен шартталган. Ошону менен бирге укуктуу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү мыйзам менен каралган гана тартип жана тариздерде, ошондой эле мыйзам менен аныкталган компетенциянын чектеринде өтүүгө тийиш. Ага ылайык, кайсы гана болбосун аракетер, анын ичинде мыйзам менен корголгон электр байланыштар түйүн аркылуу берилген кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына тиешелүү маалыматтарды талап кылуу жана тартып алууга белгиленген максаттарда гана жана соттук актынун негизинде гана жол берилет.
Талашка түшкөн ченем негизинде байланыш операторунун укуктук органдар менен өз ара аракеттенишүү жол-жоболорун жана эрежелерин жөнгө салуучу мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар иштелип жана кабыл алынышы мүмкүн болгон баштапкы укуктук база болуп саналат. Ошол эле учурда бул ченем КР Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгү менен кепилдик берилген адам укуктарына тиешелүү болгон изин суутпай издөө иш-чараларын ишке ашыруу үчүн соттук актылардын зарылчылыгы жѳнүндѳ конституциялык талаптарды жокко чыгарбайт.
Төрагалык кылган Мукамбет Шадыканович Касымалиев
Судья-баяндамачы: Клара Сыргакбековна Сооронкулова