«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 14-беренесинин 2- бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ
2015-жылдын 23-сентябрында Конституциялык палата, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ «жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн» деген сѳздѳр менен чагылдырган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.
Конституциялык палатага, жарандар А.М. Осмоналиева, Б.К. Осмонбаев, Г.А. Суталиновалар жогоруда кѳрсѳтүлгѳн талашка түшкѳн ченем конституциялуу эмес деп таануу жѳнүндѳ кайрылышкан, ѳз өтүнүчүндө жарандарды биометрикалык маалыматтарын берген учурда гана шайлоочулардын тизмесине киргизүүгѳ жол берээрин, бул жарандардын Конституция менен кепилденген жигердүү шайлоо укугун негизсиз чектөө болуп саналарын көргөзгөн.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын (БШК жана МКК ѳкүлдѳрү) иш боюнча берген түшүндүрмѳлѳрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.
Шайлоо, демократия көрүнүшүнүн жогорку таризи катары мамлекеттик бийликти жүргүзүүнүн маанилүү бириктирүүчү механизмди түзөт. Шайлоочулардын тизмесин түзүү шайлоо жүргүзүүнүн жана анын адилеттик жана чынчыл болушун камсыз кылуу механизминин курамдык бөлүгү болуп саналаарын белгилей кетүү керек.
Дүйнөлүк практикада шайлоочулардын тизмесин түзүүгө эки ыкма колдонулат: арыз берүүчү жана императивдүү ыкмалар. Арыз берүүчү ыкмага ылайык, жаран шайлоочулардын тизмесине кошулуусуна өзү камкордук көрүшү керек жана компетенттүү органдарга өзү барып катталышы керек. Императивдүү ыкма, шайлоочу жѳнүндѳгү маалымат ал тиешелүү жаш куракка жеткенден кийин тиешелүү тизмелерге автоматтык түрдө киргизилет жана аны үчүн жоопкерчилик ыйгарымдуу органга жүктөлөт дегенди түшүндүрөт.
Мурдагы шайлоолордо шайлоочулардын тизмесин түзүүдө колдонулган императивдүү ыкма, ал кезде мындай тизмелер Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча Борбордук комиссиясынын тарабынан түзүлчү, өзүнө тиешелүү кемчиликтерге ээ болгон. Негизинен, бул ыкма шайлоочулардын тизмесин толугу менен туура түзүүнү камсыздай алчу эмес, анда шайлоо курагына жеткен бардык жарандар жѳнүндѳгү маалымат чогултуу, шайлоо тизмесинен каза болгондорду таап, чыгарып салуу жана бир эле шайлоочуну ар кайсы шайлоо участкаларына кайталап киргизип салуу, ошондой эле шайлоочулардын мамлекеттин ичинде болобу, анын чегинен тышкары болобу, которулушун көзөмөлдөө механизмдери натыйжалуу болгон эмес. Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө мурда колдонулуп келген жогоруда саналып өткөн кемчиликтер тутумдук мүнөзгө ээ шайлоочулардын санынын такталгандыгына карата шайлоо процессинин катышуучуларында кандайдыр бир шектенүүлөрдү жаратчу.
ЕККУ адам укугу жана демократиялык институттар боюнча Бюросу тарабынан даярдалган, 2013-жылдын 15-октябрындагы ЕККУ мүчө-мамлекеттеринин практикасын жана шайлоо мыйзамдарына сереп салганда, Кыргызстанга карата «Кыргызстандагы шайлоочуларды каттоо тутумун башкаруу боюнча тунук жана расмий эрежелердин жоктугу» белгиленген, бул шайлоочулардын тизмесин манипуляциялоодо потенциалдуу коркунуч жаратат. Буга байланыштуу мыйзам чыгаруучу тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жаңы тартиби киргизилди, ал бир эле адамдын тигил же бул шайлоочулар тизмесине эки же көп жолу кирип калуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга багытталган арыз берүүчү да, императивдүү да ыкмаларды айкалыштырат, жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин негизинде жарандардын жашаган жеринин өзгөргөнүнө байланыштуу шайлоочуларды көзөмөлдөө механизми каралып чыккан жана бул иш калкты каттоо тармагындагы ыйгарымдуу органга жүктөлгөн.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинде каралган боло турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жаңы ыкмасы шайлоочулардан жигердүү аракеттерди талап кылат, ал ыйгарымдуу мамлекеттик органда биометрикалык маалыматтарды берүү менен байланышкан, анын жүрүшүндө биометрикалык маалыматтар менен бирге, «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке маалыматтарды чогултуу да жүргүзүлөт. Андан кийин биометрикалык маалыматтарды берген Кыргыз Республикасынын жараны кошумча эч кандай аракеттерди жасабастан, шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө киргизилет. Мыйзам чыгаруучунун шайлоочулардын тизмесин түзүүдөгү мындай ыкмасы, жигердүү шайлоо укугуна ээ жана биометрикалык маалыматтарын берген, калктын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген шайлоочу өзүнүн шайлоо процессине катышуу ниетин андан кийин тактап туруудан бошотулат дегенди түшүндүрөт.
Шайлоочулардын актуалдашкан тизмесин түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү биометрикалык каттоодон өтүүгө талап кылуу «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзүнчө ченемдик жоболорунун конституциялуулугу жѳнүндѳ кайрылууну кароо учурунда, 2015-жылдын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп табылган.
Белгилей кетүү керек, биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоо тизмесине киргизүү жѳнүндѳ «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жоболору (14-берененин 2-бѳлүгү) бир гана шайлоочулардын актуалдашкан тизмесин түзүү зарылдыгы менен шартталбастан, шайлоочулардан андан кийин дагы анын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоо зарылдыгы менен шартталган. Аталган конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шайлоо бюллетенин берүү биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча шайлоочуну идентификациялагандан кийин жүргүзүлөт.
Мына ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 5-бөлүгүндөгү шайлоо укугунун жалпылык түшүнүгүн ачуу учурунда, жарандар өзүнүн шайлоо жана шайлануу укугун бул конституциялык Мыйзамда бекитилген талаптарды кармоо учурунда ишке ашыра алат деп көргөзүлгөн.
Ошентип, добуш берүүчү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүү жѳнүндѳгү «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талашка түшкөн ченемин, шайлоочу тарабынан өзүнүн жигердүү шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон талап катары караш керек, бул учурда жалпылык, шайлоо укуктарынын теңдиги принциптерин, жарандардын 2-берененин 4-бөлүгүндө, 52-берененин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктунда бекитилген мамлекеттик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга болгон укугун бузбашы керек.
Буга ылайык, жигердүү шайлоо укугун жүзөгө ашыруу чектелбейт, шайлоочулар тарабынан аларды шайлоочулар тизмесине киргизүү үчүн кандайдыр бир аракеттерди жасоого менен шартталат. Анын үстүнө, бул талап басмырлоо катары каралбайт, анткени адамды кандайдыр бир белгилер боюнча милдеттерин жана укуктарын айырмалоо болгон жок.
Бул учурда шайлоо курагына жеткен жаран, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмеси менен таанышып чыгууга укуктуу, эгер өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экендигин, андагы кандай гана болбосун ката же так эместиктер жѳнүндѳ добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндѳн кечиктирбестен аларды тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укукту. Шайлоочунун биометрикалык маалыматтар болбогон учурда, шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Ошентип, мыйзам чыгаруучу тарабынан шайлоочу жѳнүндѳ маалыматты алуу жана тактоо үчүн мүмкүнчүлүк берилген.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамындагы кабыл алынган шайлоочулардын тизмесин түзүүдө, биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен идентификациялоо технологиясы колдонула турган добуш берүү үчүн бюллетенди алуу тартибиндеги новеллалар чынчыл, эркин жана тунук шайлоо өткөрүүгө багытталган жана алардын жыйынтыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана Адам укуктарынын Жалпы декларациянын жоболору менен ѳз ара байланышат: «Элдин эрки өкмөттүн бийлигинин негизи болууга тийиш; бул эрк мезгилдүү жана бурмаланбаган шайлоолордо билдирилүүгө тийиш, алар жалпы жана тең шайлоо укугу аркылуу, жашыруун добуш берүү жолу менен же добуш берүүнүн эркиндигин камсыз кылуучу башка ар кандай бирдей маанидеги формалар менен жүргүзүлүүгө тийиш.» (21-берененин 3-пункту).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы чечиминде «Шайлоо мамлекеттик бийликти уюштуруу жана кызмат кылуу тармагында конституциялык түзүлүш катары улуттук коопсуздуктун объектиси болуп саналат. Өкүлчүлүк органдарынын шайлоону мезгилдүү өткөрүп турушу мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун институттарынын өз убагында жаңылантуусунун кепили болуп чыгат жана конституциялык түзүлүштүн туруктуулугун камсыз кылат. Шайлоо калктын бийликке болгон ишениминин индикатору жана аны легитимдештирүүнүн маанилүү ыкмасы болуп кызмат кылат. Ошол эле убакта, шайлоонун социалдык-саясий маанилүүлүгүнүн күчүндө, алар ар кайсы топтордун жана өзүнчө адамдардын укукка каршы умтулууларынын объектиси болуп калышы мүмкүн, ал шайлоочулардын добушун манипуляция кылуу менен шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого багытталган, бул мамлекеттин жаңы тарыхы көргөзүп тургандай, ар кандай социалдык-саясий козголоңдорго алып келиши мүмкүн, жана ал Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян алып келүүгө жөндөмдүү. Ошондуктан, мамлекет өткөрүлүп жаткан шайлоонун айкындуулугун, чынчылдыгын жана адилеттүүлугун камсыз кылуунун ар кандай шаймандарын иштеп чыгууга жана пайдаланууга укуктуу. Мындай шаймандардын бири шайлоочулардын актуалдашкан тизмесин түзүүдө жаңы технологияларды пайдалануу болуп саналышы мүмкүн» деп кѳрсѳтүлгѳн.
Мыйзамда тиешелүү механизмдерди, ыкмаларды жана жолдорду бекитүү, шайлоо жол жоболорун иштеп чыгуу мамлекеттин өнүгүүсүнүн тигил же бул этабында түзүлгөн тарыхый, социалдык-саясий шарттарды эске алуу менен жүзөгө ашырылышы керек. Ошондуктан, бир шартта колдонулбай турган шайлоо жол жобосунун айрым бир бөлүктөрү башка шарттарда туура келип, натыйжалуу болуп калышы ыктымал.
Жогоруда келтирилгендерге байланыштуу, арыз ээси тарабынан талашка түшкөн «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын жарандарынын жигердүү шайлоо укугунун өзүн жок кылууга аракет кылбайт жана анын чыныгы мазмунун жоготууга алып келбейт. Шайлоочу тигил же бул шайлоого катышуусу же катышпоосу үчүн өзү ойлонуп туруп чечим кабыл алышы керек, ал башка шайлоочулардын добушу менен бирге анын добушунан бир гана коомдун жана жалпы мамлекеттин эмес, анын жеке жашоосунун келечектеги өнүгүү жолун тандоосу да көз каранды экендигин түшүнүшү керек. Мына ошондуктан, ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмесин түзүү баскычта да, добуш берүү процессинде да жарандык жоопкерчилик көргөзүшү керек.
Төрагалык кылган Мукамбет Шадыканович Касымалиев
Судья-баяндамачы: Эркинбек Тобокелович Мамыров