Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктунун ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ
2015-жылдын 2-сентябрында Конституциялык палата, КР Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктунун ченемдик жоболору Конституцияга ылайыктуулугу жѳнүндѳ чечим чыгарды.
Жаран А.М. Исаевдын кайрылуусуна ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын укугун же эркиндигин чектеген же бузган мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдырынын, жана алардын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларын толугу менен же бөлүгүн талашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин көргөзүлгөн ченемдеринде бекитилген үч айлык мөөнөт конституциялык мыйзамдарга жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка карама-каршы келет.
Кайрылуучу субьектисинин ырастоосу боюнча, мамлекеттик бийлик органдарынын ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жѳнүндѳ сотко кайрылуу үчүн үч айлык мөөнөт ченеминин конституциялуулук предметине талашка түшкөн мыйзам сотко болгон жеткиликтүүлүктү чектей турган ашыкча, өзгөчө тоскоолдук болуп саналат.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет (1-берененин 1-бѳлүгү, 16-берененин 1-бѳлүгү, 40-берененин 1-бѳлүгү). Конституциянын көрсөтүлгөн ченемдери «Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө» эл аралык пактынын 14-беренесинин 1-пунктунун жоболору менен макулдашылган, аны менен ар бир адам анын укугу жана милдеттери жѳнүндѳ талаш келип чыккан учурда кыска мөөнөттүн ичинде мыйзамдуулуктун негизинде түзүлгөн акыйкат жана көз карандысыз сот тарабынан ачык жана акыйкаттуу каралышына болгон укугуна кепилдик бекитилген.
Кыргыз Республикасынын ЖПК укуктар менен эркиндиктердин соттук коргоосунун кепилдиктери жѳнүндѳ конституциялык жобону конкреттештирип, бузулган жана талашка түшкөн укуктарды коргоонун жарандык сот өндүрүшүнүн милдеттерин аныктаган, жарандардын жана менчигинин формасына карабастан Кыргыз Республикасынын укуктарын жана таламдарын юридикалык жактардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык, эмгектик, администрациялык жана башка укуктук мамилелердин субъектиси болгон башка жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу талаптарын коргоо, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды коргоо. Жарандык сот ишин жүргүзүүнүн мыйзам тарабынан белгиленген тартиби иштердин туура жана өз убагында каралашын жана чечилишин, мыйзамдуу сот актыларынын чыгарылышын, алардын анык аткарылышын камсыз кылууга, мыйзамдуулуктун, укук тартибинин бекемделишине өбөлгө түзүүгө жана укук бузуулардын алдын алууга өбөлгө түзүүгө тийиш (3-берене). Ошентип, мыйзам чыгаруучу сот өндүрүшүнүн милдеттерин жарандык иштерди кароо жана чечүү менен, ал эми максаттарын – ишти кароо процессине тартылган ар кандай субъектилердин кызыкчылыктарын коргоо менен аныктаган.
Каралып жаткан үч айлык мөөнөт укуктук туруктуулуктун элементи болуп саналат жана ал бир гана ченем жаратуучу органдын кызыкчылыктарын коргобостон, өзүнөн өзү баалуу болуп саналган укуктук аныкталгандык принцибин да коргойт. Конституция, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктеринин теңдигине кепил болуу менен, ошондой эле алардын укуктарын жана эркиндиктерин таануу менен, мыйзам чыгаруучуга адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо тармагында жөнгө салууну ишке ашыруу учурунда мамлекеттик бийлик органдарынын актысына арыз берүү мөөнөтүн орнотууга, анын ичинде белгиленген актыларды талашууга тиешелүү атайын эрежелерди киргизүүгө тыюу салбайт. Ошентип, мыйзам чыгаруучу, объективдүү жарандык укук мамилелериндеги укуктук туруктуулукту камсыз кылуу зарылдыгынан улам, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын актыларын талашуунун өзгөчө эрежелерин кароого укуктуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренеси менен кепилденген укуктун бузулушу катары бааланбашы керек.
Буга ылайык, мамлекет тарабынан мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мыйзамсыз аракеттери тарабынан келтирилген зыяндардын ордун жабууга болгон укукту ишке ашыруу, ошондой эле соттук коргоого болгон укук бузула албайт, бул укуктар Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбай турган өлчөмдө жана жоопкерчиликтүү ишке ашырылат (16-берененин 1-бѳлүгү, 20-берененин 1, 2, 3, 5 жана 7-бѳлүктѳрү, 40 жана 41-беренелер).
Ушул чечим боюнча судьялар Ч.А. Айдарбекованын, М.Р. Бобукееванын, Э.Т. Мамыровдун, Э.Ж. Осконбаевдын ѳзгѳчѳ пикири бар.
Төрагалык кылган Мукамбет Шадыканович Касымалиев
Судья-баяндамачы: Эркинбек Тобокелович Мамыров