Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ
2014-жылдын 29-декабрында Конституциялык палата сотко болгон урматтабоону жазык жоопкерчилигин караган КР КЖК беренеси Конституцияга ылайык келет деген чечим чыгарды.
Арыз ээси, талашка түшкөн ченем КР КЖК «Мазактоо» 128-беренесин туураган ченем болуп саналат, ал Конституциялык палатанын чечими менен 2013-жылдын 6-ноябрында конституциялуу эмес деп таанылган жана жасалган кылмыштын ордун жана убактысы, субъекттерди көргөзгөндүгү менен гана айырмаланат. Сотту урматтабоо судьяны же заседателди же сот териштирүүсүнүн катышуучуларын маскаралоо менен чагылдырылат, алардын ар-намысы менен кадыр-баркы кол салуунун кошумча объектилери болуп саналат.
Анын үстүнѳ, сот териштирүүсүнүн катышуучуларынын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо механизми административдик мыйзамда бар, ал эми КР КЖК 321-беренеси кайталоочу мүнөзгө ээ жана сөз эркиндигине укукту камсыз кылган конституциялык кепилдиктерге ылайык келбейт.
Конституциялык палата тараптардын жүйөѳлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.
Өз пикирин эркин билдирүү укугун, сөз жана басма сөз эркиндигин Конституция эркин ойлонууга жана өз оюн эркин билдирүүгө болгон бирдиктүү жана ажырагыс укук катары карайт, жана бул убакта мамлекет тарабынан муну үчүн куугунтуктоодон коркпошу керек.
Ошол эле убакта, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон укукту ишке ашыруу бузула албайт, бул укук жоопкерчиликте Конституция менен (Конституциянын 31-беренесинин 4-бѳлүгү) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан бекитилген башка адамдардын укугун жана эркиндигин бузбай турган ченемде ишке ашырылат.
Бул кылмыштын коомдук коркунучу, ал соттун ченемдүү ишмердүүлүгүн бузгандыгында, ал сот жыйналыштын залында нервоздукту жаратат жана ишти туура чечүү үчүн зарыл болгон жагдайларды ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтөөгө таасир этет, процесстин катышуучуларына алардын процесстик укуктарын колдонуусунда терс таасирин тийгизет жана соттун беделин түшүрөт.
КР КЖК 321-беренесинде каралган кылмыш объектиси болуп, сот адилеттигинин кызыкчылыгы саналат, ага зыян келтирүү соттун, заседателдин жана сот териштирүүсүнүн катышуучуларынын ар-намысына жана кадыр-баркына зыян келтирүү жолу менен ачыкталат. «Мазактоо» деген кылмыштын объектиси болсо инсандын ар-намысы жана кадыр-баркы чыккан.
Сотту урматтабоо үчүн жазаны караган ченемдер сот адилеттигинин акыйкат жана тоскоолдуксуз тутумуна укукту камсыз кылуу каражаты катары да, сот адилеттигин тиешелүү деңгээлде жиберүүнү коргоо шайманы катары да зарыл, бирок бул ченемдердин аракети, мазактоочу жосун кандайдыр бир башка жазык кылмышынын аныктамасына туш келбей турган жагдайлар менен чектелиши керек.
Аны менен бирге талашка түшкөн ченем ар биринин сотко кайрылууга жана алар тарабынан чечим кабыл алууга, ошондой эле ишти жогору турган сот тарабынан кайталап кароого болгон конституциялык мүмкүнчүлүгүн чектөөнү же тыюу салууну камтыбайт.
Ошентип, талашка түшкөн берененин жоболору жеке адамдын ар-намысы менен кадыр-баркына эмес, сот адилеттигин ишке ашыруу тармагында коомдук мамилелерге зыян келтиргендиги үчүн жазык жоопкерчилигин караган атайын ченемдер болуп саналат, тигил же бул категориядагы жарандарга карата басмырлоочу же жеке адамдын конституциялык укугун чектөөчү кандайдыр бир жоболорду камтыбайт.
Тѳрагалык кылуучу Касымалиев Мукамбет Шадыканович
Судья-баяндамачы Айдарбекова Чинара Аскарбековна