Меню навигации+

2013-жылдын 3-августундагы №182 «КР айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамынын 4-беренесинин («КР прокуратурасы жөнүндө») конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

2015-жылдын 18-февралында Конституциялык палата, эгерде адам куралдуу күчтөрдүн же башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөбөсѳ, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өтпөсѳ, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү кызмат өтѳбѳсѳ, прокуратура органдарына кызматка алынышы мүмкүн эмес деп тыюу салынганын караштырган «КР прокуратурасы жөнүндө» КР Мыйзамынын 45-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 8-пункту Конституциянын 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келбейт деп чечим чгырды. Ушул пункт жогоруда кѳрсѳтүлгѳн мыйзамга 2013-жылдын 3-августунда №182 «КР айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренеси менен толуктоо катары болуп киргизилген.

 

Жаран Д.А. Сарбагишевдын ѳтүнүчү боюнча, Бишкек шаарынын Ленин райондук аскердик комиссариатынын чакыруу медициналык комиссиясы 2009-жылы арыз берүүчүнүн «орто даражадагы миопия» дартына ылайык, аскердик кызматты өтөөгө жараксыз деп табышкан. 2010-жылы арыз берүүчү көрүүсүн калыбына келтирүү боюнча операция жасаткан, анын натыйжасында анын көрүүсү толугу менен калыбына келтирилип, 2012-жылы ал кайрадан аскердик комиссариатынын чакыруу медициналык комиссиясынан өткөн, анда аны ден соолугуна байланыштуу альтернативдик кызматка жарактуу деп табышкан. 2013-жылы «КР айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы менен «КР прокуратурасы жөнүндө» Мыйзамынын 45-беренесинин 3-бөлүгү талашка түшкѳн 8-пункт менен толукталган.

 

Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, ал өзүнүн альтернативдик кызматты үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча эмес, ден соолугуна байланыштуу негиздер боюнча өткөндүгүнөн себептүү, прокуратура органдарына жумушка кабыл алууга сынакка катышуу үчүн жол берилбейт деп көргөзгөн.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмѳлѳрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

 

Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет болуп саналат, адамдын укугун жана эркиндигин эң жогорку баалуулук деп жарыялайт жана бардыгынын сот жана мыйзам алдында бирдейлигинин негизинде берет. Адамдын укугу жана эркиндиги конституциялык маанилүү максаттарда, мыйзам тарабынан аныкталган тартипте чектелиши мүмкүн, бул учурда уруксат берилген чектөөлөр укукту жокко чыгаруу же кемсинтүү болуп саналбайт.

Мамлекеттик кызматтагы теңдик менен басмырлабоонун конституциялык принциби жарандарга мамлекеттик кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартипте кызматка көтөрүлүүдө бирдей укукту жана бирдей мүмкүнчүлүктү кепилдейт.

Мамлекеттик кызматка болгон бирдей мүмкүнчүлүк түшүнүгүнүн мазмуну жарандардын бардык мамлекеттик кызматты эч кандай басмырлоосуз ээлөөгө болгон укугу болуп саналат. Бирок, жаран талап кылууга укукту, ал эми мамлекет талап кылган кызмат менен аны камсыз кылууга милдеттүү дегенди түшүндүрбөйт.

 

Прокуратура органдарында жана мекемелериндеги кызмат мамлекеттик кызматтын атайын түрү болуп саналат, ал Конституцияда жана «КР прокуратурасы жөнүндө» Мыйзамда каралган, ага жүктөлгөн функциялар жана милдеттерди ишке ашыруу менен байланышкан мындай кызматтарга кирүү, аны аткаруу жана мындай кызматты токтотуунун өзгөчө түрү болуп саналат жана башка мамлекеттик органдардан мамлекеттик кызматтар менен окшош эмес.

Прокуратура органдарында жана мекемелериндеги кызмат өзгөчөлүгүн эске алуу менен, мыйзам чыгаруучу прокурордук кызматкерлердин кызматына талапкерлик кылган адамдарга өзгөчө талаптарды орнотот. Бирок, мыйзам чыгаруучу Конституциядан келип чыккан акыйкаттуулук, теңдик жана ѳлчѳмдѳш принциптерин кармоо менен элдик жана жеке кызыкчылыктардын, конституциялык маанилүү баалуулуктардын ортосундагы тең салмакты камсыз кылышы керек, ал эми киргизилген ченемдер колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тутуму менен белгилүүлүк, ачыктык, эки маанилүү эместигин жана макулдашуу критерийлерине жооп бериши керек.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Ата-Мекенди коргоо - жарандардын ыйык парзы жана милдети. Жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдүү кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби «КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамы менен белгиленет.

 

Мекенди коргоо боюнча жарандын чакыруу боюнча же альтернативдүү кызматта аскердик кызматты өтөө жолу менен конституциялык милдеттерин аткарышы кесиптик ишмердүүлүктү жоопкерчиликтүү жана ак ниеттүү ишке ашырууга жөндөмдүү адам катары мүнөздөйт жана өзгөчө абройлук талап катары каралышы мүмкүн, аны мамлекет прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка турууга талапкерлик кылган адамдардан талап кылууга укуктуу.

Буга байланыштуу мыйзам чыгаруучу прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызматты укуктук жөнгө салууну ишке ашырып, алдында турган милдеттердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жана бир учурда чакыруу боюнча аскердик кызматтын кадыр баркын жана жагымдуулугун жогорулатуу максатын көздөп, эгер адам Куралдуу күчтөрдүн катарында же Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында кызмат кылбаса, же запастагы офицерлер программасы боюнча же үй-бүлөлүк абалдан улам альтернативдүү кызматтан аскердик даярдыктан өтпөсө, прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка алынбайт деген шартты киргизди.

Келтирилген ченемдик жөнгө салуу куралдуу күчтөрдүн катарында же КР башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында кызмат ѳтѳбѳсѳ, же запастагы офицерлер программасы боюнча же үй-бүлөлүк абалдан улам альтернативдүү кызматтан аскердик даярдыктан өтүү жолу менен КР Конституциясы аркылуу ага жүктөлгөн мекенди коргоо боюнча милдетти аткарбаган, жана ошону менен, прокурордук кызматкерлер ээ болууга тийиш болгон тиешелүү моралдык-нравалык сапаттарды көрсөтө албаган адамдарды прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка уруксат бербөөгө багытталган.

 

Эгерде адам куралдуу күчтөрдүн катарында жана КР башка аскердик түзүмдѳрүнүн катарында кызматты ѳтѳбѳсѳ, же запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыктан же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү кызматтан өтпөсө, прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка алынууга тыюу салууну караган, талашка түшкөн «КР прокуратурасы жөнүндө» КР Мыйзамынын ченемдери «КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» КР Мыйзамында каралган башка негиздер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн адамдардын мындай кызматка кирүүгѳ жол бербейт.

«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 2-бөлүгүндөгү талаптардан улам, прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат кылууга талапкерлердин ден соолугунун абалы боюнча жарактуулугу кызматка орношкондо аныкталат. Буга байланыштуу, ден соолугунун абалы боюнча альтернативдүү кызмат өтөө үчүн негиз болуп кызмат кылган себептер, анын өзгөрүшү мүмкүн болгондугун эске алып прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат кылууга тоскоолдук кылган жагдай катары каралбашы керек, эгер тиешелүү медициналык корутунду бар болсо.

Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу тиешелүү мыйзамга бул чечимде келтирилген укуктук кѳз караштардан келип чыккан, зарыл болгон өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизиши керек.

Ушул чечим боюнча судьялардын ѳзгѳчѳ пикирлери бар.

 

 

Төрагалык кылган                                               Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                              Чинара Аскарбековна Айдарбекова