Меню навигации+

Матцаков Самат Аскарович жана Осмонов Курманбек Эргешовичтин кайрылуулары боюнча «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдын 44-беренесинин 3-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү иши жөнүндө пресс-релиз

2025-жылдын 29-январында Конституциялык сот «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдын 44-беренесинин 3-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү ишин карап чыгып, каралуудагы норма Конституцияга каршы келбейт деген жыйынтыкка келди.

 

Конституциялык сот мындай чечимге төмөнкү укуктук негиздерди эске алуу менен жетти. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу конституциялык түзүлүштүн өзөктүү элементтеринин бири болуп саналат. Анын институттары аркылуу мамлекеттик башкаруунун децентрализациясы гана эмес, жергиликтүү деңгээлде бийликти уюштуруунун укуктук жана уюштуруучулук механизмдери камсыздалат, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү кепилденет, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик башкаруу системасында жергиликтүү иштерди жүргүзүүдө белгилүү бир автономия камсыз кылынат. Ушуга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн жетиштүү көлөмдөгү ыйгарым укуктарга ээ болушу зарыл, анын ичинде өздөрү кабыл алган актыларды жокко чыгаруу ыйгарым укугу да камтылат.

 

Бирок бул ыйгарым укук абсолюттук мүнөзгө ээ эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары актыларды кабыл алууда жана аларды жокко чыгарууда колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын так сактоого милдеттүү. Ошондуктан актыларды жокко чыгаруу укугу Конституциянын, «Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана башка тиешелүү нормативдик укуктук актылардын жоболору менен системдүү шайкештикте гана ишке ашырылышы мүмкүн.