Меню навигации+

Конституциялык палатага Туркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча туркиялык башкармалыктын (ТИКА) вице-президенти келип кетти

30.04.2019

Конституциялык палатага Туркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча туркиялык башкармалыктын (ТИКА) вице-президенти Рахман Нурдун баштаган делегация келип кетти.

 

Конституциялык палатанын сот отурумдарынын залында жана китепканасында оңдоп-түзөө иштери бүткөндүгүнө байланыштуу жолугушуу болуп өттү.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров Рахман Нурдун мырзага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазчылыгын билдирген жана Кыргыз Республикасындагы ТИКА координатору Али Муслунун жетекчилиги алдында жумуштар кыска мөөнөт ичинде жана бийик деңгээлде өткөрүлдү деп белгилеп кетти.

 

Өз кезегинде, Рахман Нурдун мырза ТИКА Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринде капиталдык оңдоо иштерин өткөрүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келерин жана ушул органдардын кызматчылары үчүн жагымдуу шарттардын түзүлүшүнө көмөк болорун баса белгиледи.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө, тараптар Конституциялык палатанын сот отурумдарынын залын жана китпеканасынын расмий ачылышын уюштуруу маселелерин да талкуулашкан.

 

Жолугушуунун аягында тараптар кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө үмүттөрүн билдиришти.