Меню навигации+

Конституциялык палатанын китепкана фонду жаңы китептер менен толукталды

19.06.2019

Бүгүн Европа Кеңешинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2-фаза» долбоору тарабынан Конституциялык палатанын китпекана фондуна илимий жана юридикалык адабияттар өткөрүлүп берилди.

 

Жалпысынан, китепканага укук чөйрөсүндө белгилүү авторлордун китептеринин 50 нускасы өткөрүлүп берилди, алардын ичинде конституционалист окумуштуулардын монографиялары жана тандалган эмгектери бар.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров аталган долбоордун жетекчиси Стефанос Кареклас мырзага соттун китпекана фондун жаңы китептер менен толукталышына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана бул эмгектер укуктун актуалдуу маселелерин жана чет өлкөлөрдүн конституциялык контролдоону жүзөгө ашыруунун тажрыйбасын камтып турганын белгиледи. Төраганын пикири боюнча, бул китептер Конституциялык палатанын судьялары жана Аппарат кызматкерлери үчүн керек болот.