Меню навигации+

Конституциялык палатада судья К.Абдиевди ардактуу эс алууга узатуу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү

01.10.2019

Бүгүн, 2019-жылдын 1-июнунда Конституциялык палатанын судьясы К. Абдиевди мыйзамдарда белгиленген жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга узатуу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

 

Конституциялык палатанын төрагасы К.Дуйшеев судья К.Абдиевди мааракелик 70 жыл жаш курагы менен куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалап кетти. Төрага, ушундай бийик жана жоопкерчиликтүү кызматтан ардактуу эс алууга кетүүнүн өзү жакшы жышаандын белгиси деп баса белгиледи.

 

Андан тышкары, төрага белгилегендей, судья К.Абдиев бийликтин үч бутагында тең жетекчилик кызматтарда эмгектенип келген. Ушуга байланыштуу, К.Абдиев мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө зор тажрыйбасы бар, анысы бийлик институттарын өнүктүрүүдө чоң салым катары бааланат.

 

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Конституциялык палатанын меймандары жана судьялары куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөштү. Өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүндө судья К.Абдиевдин кесипкөй жана жеке жетишкендиктери жөнүндө сөз кылышты.

 

Салтанаттуу иш-чаранын катышуучулары судья К.Абдиев судьялык жамааттын ишине жигердүү катышуусун уланта берет жана ардактуу эс алуудагы судья катары жаш юристтер менен өзүнүн тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүп келе берет деген ишеничтерин билдиришти.