Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому менен бекитилген ID-карта жөнүндөгү жобонун 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

15.10.2020

2020-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому менен бекитилген ID-карта жөнүндөгү жобонун 3-пунктунун конституциялуулугун карап чыгып, этностук таандыгы тууралуу маалыматтын ачык тексттик түрдө көрсөтүлбөй, электрондук чипте камтылышы Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тапты.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесине ылайык ар ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоого жана көрсөтүүгө укуктуу. Башкача айтканда, ар кимге өз ыктыяры менен бул адамга тийиштүү документте өзүнүн этноско таандыктыгын биринчиден аныктоо, экинчиден көрсөтүү, же болбосо аны көрсөтүүдөн таптакыр эле баш тартуу укугу берилген.

 

Өзүнүн этноско таандыктыгын эркин аныктоо укугу жөнүндө конституциялык жобо өзүнүн мааниси жана мазмуну боюнча адамдын өзүн өзү аныктоо, өзүн белгилүү бир этникалык жалпылыктын катарына кошуу аң-сезимдүү актысы, ошондой эле өз маданий бирдейлигин тандоо мүмкүнчүлүгүн жана этноско таандыктыгы менен байланышкан таламдарын жана кызыкчылыктарын канааттандырууга болгон укугун билдирет.

 

"Эркин көрсөтүү" деп уруксат берүү менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир инсанга өзүн таанытуу формасы катары өзүнүн этноско таандыктыгы жөнүндө маалыматты каалагандай жалпыга жеткиликтүү булактарында, анын ичинде конкреттүү адамга тийиштүү расмий документтерде эркин көрсөтүү, жайылтуу жана ашкере кылуу укугун берүү зарылдыгы жөнүндө айтат.

 

Ошол эле учурда, аталган укуктардын конституциялык-укуктук мазмуну адамдын өзүнүн этноско таандыктыгын юридикалык маанилүү ар кандай максаттарда аныктоо же аныктабоо, көрсөтүү же көрсөтпөө мүмкүнчүлүгүндө гана эмес, өзүнүн этноско таандыктыгын аныктоодон жана көрсөтүүдөн таптакыр баш тартуу, же болбосо анын жеткиликтүүлүгүн чектөөдө да турат.

 

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесине ылайык эч ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн аныктоого жана көрсөтүүгө мажбурланбашы керек. Жалпысынан бул берене адамдын этноско таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды, аны бирдейлештирүү максатында берилүүчү документтерде, расмий белгилөөнү анын эркине императивдик түрдө көз каранды кылып койгон. Мындан тышкары, адамдын өзүнүн этноско таандыктыгын аныктоого жана көрсөтүүгө мажбурлануусуна тыюу салууну милдеттүү түрдө камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясы аны эч кандай өзгөрүүгө дуушар болбогон чектелгис тыюулардын тизмесине киргизген (20-берененин 4-бөлүгүнүн 9-пункту, 38-берененин экинчи сүйлөмү).

 

Жобонун кайрылуучу тарап менен талашылып жаткан 3-пункту ID-картага киргизүүгө тийиштүү болгон маалыматтардын тизмесин бекитет. Мында маалыматтар эки категорияга бөлүнгөн: тексттик түрдөгү жана электрондук чиптеги. Этноско таандыктыгына тийиштүү маалыматтар арыз ээсинин каалоосу менен электрондук чиптин ичине киргизилген. Тактап айтканда этноско таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды электрондук чипке киргизүү, анын ичиндеги маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн чектөө максатында криптографиялык технологияларды колдонууну билдирет. Бул өзүнүн этноско таандыктыгын аныктап, бирок аны жабык режиминде көрсөткүсү келген адамдын эрки боюнча гана ишке ашырылышы мүмкүн.

 

Бирок ошол эле учурда, эгер арыз ээси өзү кааласа, ID-картада этноско таандыктыгы жөнүндө маалыматты текст түрүндө көрсөтүү мүмкүндүгүн бербөө, өзүнүн этноско таандыктыгы жөнүндө маалыматты ачык-айкын жарыялоого, анын ичинде адамдын ким экендигин тастыктаган ID-картада да жарыялоо укугун тикелей бузуу болуп саналат. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесинде каралган ар кимдин өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоо жана көрсөтүү укугуна кепилдик бузулууда деп Чечимде белгиленген.