Жазык кодексинин 170-беренесинин «Уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.» деген сөздөр менен баяндалган эскертүүсүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
31.03.2021
Конституциялык палата 2021-жылдын 10-мартында Жазык кодексинин 170-беренесинин «Уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деген сөздөр менен баяндалган эскертүүсүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, аны Конституцияга карама-каршы келет деп тааныган.
Мыйзам чыгаруучунун изилденүүчү тартипти орнотуудагы ою айдан ачык. Мамлекеттин коомдук турмушту уюштуруу чөйрөсүндөгү башка милдеттеринин маанилүүлүгү боюнча адамдын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо менен салыштырууга болбойт. Кылмыш жасаган адамдын, айыпкер мыйзамдарда белгиленген жүрүм-турумдун формаларын сактаган учурда, оң багыттагы жүрүм-турумунун башкы фактору болуп жоопкерчиликке тартылганда жана жазаны белгилегенде жеңилдиктердин болуусу саналат.
Башка сөз менен айтканда, мыйзам чыгаруучу өзүнүн ченем жаратуучу ишмердигинде мындай укуктук каражаттарга жол берет жана уурдалган адамдын белгилүү мөөнөт ичинде ыктыярдуу бошотулуусу айыпкердин абалына олуттуу таасир тийгизүүгө жөндөмдүү өзгөчө жагдай катары кабыл алынышы мүмкүн.
Мыйзам чыгаруучу аны менен бирге кайсыл бир укуктук жөнгө салууну тандоодо конституциялык жана укуктук принциптерди бузбастан, ошондой эле жеке дагы, коомдук дагы мыйзамдуу кызыкчылыктарга шек келтирбестен максатка жетишүүгө жол берген регуляторлорду колдонууга милдеттүү.
Адамды уурдоо коомдук коопсуздуктун жогорку даражасы болуп мүнөздөлөт жана дүйнөлүк коомчулук аны инсанга каршы оор кылмыш катары баалайт, демек, ал жазык жоопкерчилигин алып келбей турган мааниси анчалык эмес жосундардын категориясында боло албайт. Коомдук коопсуздуктун жогорку деңгээлин эске алып, адамды кармап, салып кеткен учурдан баштап аны уурдоо боюнча кылмыш жасалды деп саналат. Демек, уурдалган адамды 72 саат өткөнгө чейин өз ыктыяры менен бошотуу кылмыш жасоодон өз ыктыяры менен баш тартууга жатпайт.
Инсандын эркиндигин жана кол тийбестигин жар салуу, адегенде, жоопкерчиликтин болушун, анын ичинде жеке дагы, коомдук дагы функцияны аткарган ушул конституциялык орнотмонун бузулушу үчүн жазык жоопкерчилигинин болбой койбостугун түшүндүрөт. Уурдалган адамды 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык принциптин күчүнө ылайык жазык жоопкерчилигинен толугу менен бошотулушу мүмкүн эмес экени келип чыгат. Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларды эске алуу менен, талашылып жаткан эскертүүнүн күнөөдөн баш тартпаган жана жазык жоопкерчилигин жокко чыгарбаган тартипте, адамды уурдаган айыпкердин жүрүм-турумуна жараша жазалоонун мыйзамдардагы чаралары ортосунда олуттуу айырмачылыкты орнотуу аркылуу максатка жетишүүгө жол берет. Мындай мамиле жалпы укуктук принциптерге гана жооп бербестен, адамды уурдоого күнөөлүү адамдын талашылып жаткан эскертүүнүн жоопкерчиликсиздигине алып келүүчү күчүнөн улам адамды уурдоого шыктандырган эффектини да жокко чыгарууга жол берет. Башкача айтканда, ушул кылмыштан корголуучу башка жактардын укуктарын жокко чыгарууга болбойт, буга акыры жазык жоопкерчилигине тартуу менен гана жетишсе болот.
Ошентип, ЖКнын 170-беренесинин талашылып жаткан эскертүүсү конституциялык жана жалпы укуктук принциптерге жооп бербейт, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет.
Конституциялык палата каралып жаткан учурда талашылып жаткан ченемдик көрсөтмөнүн конституциялуулугу туурасындагы фактысын белгилөө менен чектеле албайт, анткени укуктук жөнгө салуунун маанилүү бөлүгүн алып салууга байланыштуу укуктук тутумдун олуттуу дефектине алып келет, ал адамдын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу чөйрөсүндө оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу, жазык мыйзамдарды ушул Чечимге ылайык келтирүүгө чейин, Жазык кодексинин 170-беренесинин 3-бөлүгү «72 саат өткөндөн кийин» деген сөздөрдү алып салуу менен колдонууга жатат.