Меню навигации+

Конституциялык палатанын китепкана кору уникалдуу адабият менен толукталды

19.04.2021

Бүгүн Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөк көрсөтүү – 2-фаза» долбоору тарабынан Андраш Шайо жана Рената Уитцтин «Эркиндик конституциясы» аттуу китеби тапшырылды. Китеп конституционализм табиятынын илимий-доктриналык изилдөөсүн чагылдырып, окурмандарга эмне үчүн конституционализм экендигин – идея жана практика катары конституционализм гана автократияга каршы коомдун жана инсандын башкы коргоочусу болуп  саналаарын көрсөтүү максатын койгонАвторлор юридикалык констиуционализмдин пайда болушун жана андан кийинки эволюциясын изилдеп, мамлекет жарандардын эркиндигине шек келтирбестен, алардын коопсуздукка болгон коомдук суроо-талабын кантип канааттандыруусу керек экендигине талдоо жүргүзөт.

 

Бул китеп конституционализмдин баалуулуктары, логикасы, тарыхы жана жүйөлүү маани жөнүндө. Авторлор азыркы дүйнөдө терроризм менен тынымсыз күрөшкө жана заманбап ааламдык башка чакырыктар менен шартталып, популизм менен этатизм күчөп, эркиндик баалуулук катары жокко чыгарылып баратканы даана көрүнүп турган өзгөчө шарттарда конституционализмдин тагдыры жөнүндө өздөрүн түйшөлткөн коркунучтары менен бөлүшүшөт.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Долбоордун өкүлдөрү Александру Тэнасе менен Ильгиз Приев мырзаларга конституционализм жаатында алдыңкы адабият менен соттун китепкана корун толуктоодо көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, белгилүү конституционалчы-окумуштуулардын бул эмгеги конституциялык контролдоонун көйгөйлүү маселелерин камтыганын белгиледи. Төраганын пикири боюнча бул китеп Конституциялык палатанын судьялары, ошондой Аппараттын кызматкерлери ичинде суроо -талапка ээ болот.

 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:

Китептин авторлору:

Андраш Шайо – юрист, Венгриянын 2008-жылдан тартып 2017-жылдардагы Европа сотундагы адам укуктары боюнча судьясы, Борбордук-Еропалык университетинин юридикалык факультетинин негиздөөчүсү (Будапешт, Венгрия). Азыркы учурда – БЕУда укук боюнча профессор, конституциялык укук жана адам укуктары боюнча сабак берет.

 

Рената Уитц – профессор, Борбордук-Еропалык университетинин салыштырма конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси (Будапешт, Венгрия), факультеттин юридикалык изилдөөлөр адистешүүсүнүн директорлорунун бири. Автордун илимий кызыкчылыктары: «бакубат мамлекеттик башкаруунун» теориялары жана тажрыйбалары, өлкөлөрдүн конституциялык демократияга өтүүдөгү көйгөйлөрү жана жеке кызыкчылыктар, анын ичинде диний эркиндиктер маселелери.