Меню навигации+

Дүйнөнүн Конституциялык сотторунун Кыргызстандагы эл аралык илимий-практикалык конференциясы

21.06.2023

2023-жылдын 21 жана 22-июнунда Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган “Конституция укуктук, демократиялык мамлекетти курууда негиз катары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чара дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн судьяларын, конституциялык контролдоо органдарынын жана шайкеш институттарынын өкүлдөрүн чогултту. Бул иш-чара Конституциялык сот адилеттиги жаатында тажрыйба жана идея алмашуу, ошондой эле укуктук жана демократиялык мамлекетти калыптандырууда конституциялык сот адилеттигинин ролун талкуулоо үчүн аянтча болду.

 

Конференцияга Армения, Грузия, Казакстан, Таиланд Королдугу, Азербайжан, Өзбекстан, Бельгия, Түштүк Корея, Португалия, Индонезия, Молдова, Румыния, Болгария, Түркия, Босния жана Герцеговина сыяктуу өлкөлөрдүн конституциялык сотторунун өкүлдөрү, ошондой эле Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын өкүлдөрү катышты. 

 

Конференцияда талкууланган негизги темалардын бири конституциялык мурас жана укуктук жана демократиялык мамлекетти калыптандырууда конституциялык сот адилеттигинин ролу болду. Конференциянын катышуучулары конституциялык реформалардын себептерин жана аларды жүзөгө ашырууда конституциялык контролдоо органдарынын ролун талкуулашты. Алар ошондой эле укуктук жана демократиялык мамлекетти түзүүдө прогрессивдүү кыймылды сактап калуу үчүн өз тажрыйбалары менен алмашты.

 

Конференциянын алкагында конституциялык контролдоо органдары ааламдык өзгөрүүлөр доорунда туш болгон чакырыктар жана перспективалар каралды. Катышуучулар санариптештирүү, аскердик чыр-чатактардын коркунучу жана башка актуалдуу чакырыктар контекстинде коомдук мамилелерди глобалдык трансформациялоого байланыштуу маселелерди талкуулашты. Алар конституциялык контролдоо органдарын азыркы дүйнөнүн өзгөрүлмө шарттарына адаптациялоо жаатындагы өз тажрыйбалары жана иштеп чыгуулары менен бөлүштү.

 

Ошондой эле конференцияда чет өлкөлөрдүн конституциялык контролдоо органдарынын конституциялык баалуулуктарды коомго жылдыруудагы тажрыйбасы көрсөтүлдү. Катышуучулар Конституциялык баалуулуктарды илгерилетүү үчүн жарандардын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын жогорулатууга, ошондой эле элдик бийликтин өкүлдөрү, соттор жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүгө конституциялык контролдоо органдарынын таасирин талкуулашты.

 

Конференциянын катышуучулары уюштуруучуларга ушундай маанилүү иш-чараны өткөргөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдирип, иш-чаранын жогорку деңгээлде даярдалгандыгын белгилешти. “Конституция укуктук, демократиялык мамлекетти курууда негиз катары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция тажрыйба алмашуу жана ар кайсы өлкөлөрдүн конституциялык сотторунун өкүлдөрүнүн ортосунда диалогду өнүктүрүү үчүн жемиштүү аянтча болуп калды. Бул окуя Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө укуктук жана демократиялык системаны бекемдөө үчүн маанилүү.

Түз эфирдеги конференцияны көрүңүз: https://www.youtube.com/watch?v=3w9SWNRRnh8 

_________________________________________________________________

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы

Э.Ж. Осконбаевдин КУТТУКТОО СӨЗҮ жана 

“Кыргызстанда конституциялык контролдоо тутумунун өнүгүшү: тарых жана азыркы заман” деген темадагы ДОКЛАДЫ

 

Урматтуу конференциянын катышуучулары, ардактуу коноктор жана кесиптештер!

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган биз үчүн маанилүү эл аралык илимий-практикалык конференцияда Сиздерди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Бул иш-чара бизге укуктук жана демократиялык мамлекетти куруудагы Конституциянын ролуна жана барктуулугуна байланышкан эң маанилүү маселелерди талкуулоого, тажрыйба менен алмашууга жана биздин жолугушуубузга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Мен бул конференциянын ишине катышууга чакырууну кабыл алган биздин чет элдик конокторго өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин катышууңар конституциялык практиканы жалпы бирдей түшүнүүбүзгө жана аны өнүктүрүүгө маанилүү салымын кошот деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, Европа Кенешинин Венеция комиссиясына жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коомуна (GIZ) өлкөбүздүн жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун чыңдалышына салым кошкон ушундай маанилүү иш-чараларды өнүктүрүүгө жана колдоого умтулгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Ушул жерден дагы белгилеп кетким келет, Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун ар тараптуу колдоосунун жана анын бул маселеге көңүл буруусунун аркасында биз эл аралык маанилүү иш-чараны өткөрүүгө байланышкан бардык уюштуруу маселелерин ийгиликтүү чече алдык.

Тилекке каршы, биздин конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич катыша албайт! Бирок бул бир гана жүйөлүү себеп менен болду деп ишендире алам, анткени Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырзанын Кыргызстанга болгон расмий сапары бүгүн башталат. Бирок ошого карабастан, Садыр Нургожоевич бизге видеокайрылуу жөнөттү. Анда эмесе, Сиздердин көңүл бурууңуздарды суранам.

 

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

 

Биз бүгүнкү күндө өзгөчө чакырыктардын шартында жашап жатабыз. Ушул доордо туруктуулук жана мындан ары өнүгүү бекем жана ишенимдүү конституциялык пайдубалга гана негизделиши мүмкүн.

Акыркы отуз жылда Кыргызстан өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү жана Конституциябыз укуктук мамлекеттин негизги принциптерин орнотууда, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо, ошондой эле токтотуп туруу жана каршы салмак принцибин камсыздоодо маанилүү ролду ойноду.

Менин өлкөмдүн жаңы тарыхындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана конституциялык контролдоо институтунун өнүгүүсүнүн негизги учурлары жана этаптары жөнүндө кыскача айтып, бирдикте ырааттуу картинаны түзгөн айрым үзүндүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө уруксат этиңиздер.

Кыргыз Республикасы 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү түзүмдүк жана тутумдук трансформациялоо башталды. Алгачкы маселелердин бири – бул чыныгы демократияны, эркин жарандык коомду калыптандыруу, ошондой эле укуктун үстөмдүүлүгү, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо сыяктуу негизги белгилерге ээ укуктук мамлекетти түзүү болду.

Ушуга байланыштуу 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышы көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет катары жаңы укуктук чектерге ээ болгон жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүдөгү олуттуу этабы болду.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы өз алдынча бийлик бутагы катары сот бийлигинин негиздерин бекемдеп, кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон Конституциялык сотун түздү. Бул кадам кыргыз элинин демократиялык өзгөртүүлөргө терең умтулуусун көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы, сөз эркиндиги, демократиянын жана либералдык коомдун принциптери 1993-жылкы Конституциянын эң маанилүү жана чечүүчү аспектилери болуп саналат.

Тилекке каршы, Конституция кабыл алынгандан бери Конституциялык соттун тагдырындай эле биздин Негизги мыйзамыбыздын да тагдыры оңой болгон жок.

Конституция өзүнүн жашоосунда көптөгөн өзгөртүүлөргө дуушар болуп, бир нече жолу жаңы редакцияда кабыл алынган, бул өз кезегинде коомдогу социалдык чыңалуунун себептеринин бири болгон. Бирок, өлкөнүн Негизги Мыйзамынын мазмунуна көптөгөн кийлигишүүлөргө карабастан, 1993-жылдагы Конституцияда белгиленген мамлекеттик бийликти куруунун жана иштешинин демократиялык принциптери, адамдын субъективдүү укуктарын эң жогорку баалуулук катары таануу өзгөрүүсүз калган.

Ошол эле учурда Конституциянын туруксуздугу, бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүү шарттарынын тынымсыз өзгөрүшү олуттуу социалдык толкундоолор менен аяктады. Тактап айтканда, өлкөбүз 2005, 2010 жана 2020-жылдары үч жолу революцияны башынан өткөрдү. 2010-жылдагы окуялар адамдык чоң жоготуулар менен гана эмес, Конституциялык соттун мамлекеттик институт катары жоюлушу менен да коштолду, анткени, жалпы пикирге ылайык, ал Кыргызстандын жаңы тарыхынын айрым бир бөлүктөрүндө мамлекеттик бийликти узурпациялоого көмөкчү катары эсептелген. Ошол себептен 2010-жылдан 2021-жылга чейин конституциялык контролдоо Жогорку соттун Конституциялык палатасына жүктөлгөн.

Жогорку соттун курамына конституциялык контролдоо органын киргизүү мындай уюштуруу-укуктук форманын зарылдыгын жүйөлөштүргөн эч кандай укуктук негиздер болгон эмес. Бул жагдай Конституциялык соттун институт катары жоюлушу контекстинде Венеция комиссиясынын да көз жаздымында калган эмес, ал өз корутундусунда республиканын мындай чечимин укук үстөмдүүлүгүн камсыз кылууда артка чегинүү катары баалоого болот деп белгилеген.

Ошого карабастан, өзүнүн багытталышы жана мазмуну боюнча эң жогорку өз алдынча сот органы болгон Конституциялык палата өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы ар кандай курч кырдаалдарда Конституциянын үстөмдүүлүгүнүн принцибине берилгендигин көрсөттү.

Конституциялык палата иштеп турган мезгилде 117 чечим, 1 корутунду жана 79 токтом кабыл алган. Мында ченемдик укуктук актыларды же алардын түзүмдүк элементтерин Конституцияга карама-каршы келет деп таануу боюнча 45 чечим чыгарылган. Башкача айтканда, бул орган бир топ ийгиликтүү иштеп, институционалдык жактан да, каржылык жактан да толук өз алдынча орган болуп келген.

2021-жылдын 5-майындагы Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, Конституциялык палата Конституциялык сот болуп өзгөртүлүп, муну менен статус-кво калыбына келтирилди. Мындан тышкары, Конституциялык соттун ыйгарым укуктары олуттуу кеңейтилди, анын ичинде Конституцияны расмий чечмелөө, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү, ошондой эле Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндө корутунду берүү сыяктуу кошумча ыйгарым укуктар менен толукталган.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту бүгүнкү күндө конституциялык түзүлүштү, адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, Конституциянын үстөмдүгүн жана түздөн-түз колдонулушун камсыз кылуу максатында конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы.

Анын терс мыйзам чыгаруучу катары укук жаратуу процессине жигердүү катышуусу укук тартибин чыңдоого, адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сактоого көмөктөшөт.

Конституциялык соттун ар бир чечиминин алдында каралып жаткан маселенин узак жана түйшүктүү талдоосу болот. Мындай мамиле укуктук тутумдун туруктуулугуна жана алдын ала көрүүгө көмөктөшүү менен сапаттуу жана негиздүү чечимдерди кабыл алууга кепилдик берет.

Бирок, кылдат даярдалганына жана негиздүү болгонуна карабастан, Конституциялык соттун чечимдери көп талкууларды жаратат, бул менин оюмча, болбой койгус көрүнүш. Анткени, ар бир соттун чечими медаль сыяктуу эки тарапка– аны колдогондорго жана каршылаштарга ээ.

Ошол эле учурда талаш-тартыштарды жана талкууларды мыйзамдуулуктун алкагында жана укук үстөмдүүлүк принциптерин эске алуу менен өткөрүү зарылдыгына көңүл буруу керек. Кабыл алынган сот чечимдерин урматтоо жана аткаруу – укуктук мамлекеттин негизги принциптери болуп саналат. Ушуга байланыштуу Конституциялык соттун чечимдери акыркы юридикалык күчкө ээ жана бардык тараптар үчүн милдеттүү, бул алардын мыйзамдуулугун ырастайт жана конституциялык тартиптин туруктуулугун камсыздайт.

Кабыл алган ар бир чечимибизде биз конституциялык ченемдерди мезгилдин шартына жана коомдун керектөөлөрүнө ылайык терең талдап, чечмелеп чыгууга умтулабыз. Так ушул контекстте конституциялык контроль маанилүү роль ойнойт.

 

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

 

30 жылдык мааракесин белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясы укуктук, демократиялык мамлекеттин негиздерин аныктаган эң маанилүү укуктук документ болуп саналат. Ал жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, бийликти бөлүштүрүүнү жана сот тутумунун көз карандысыздыгын кепилдейт.

Кыргызстандын Конституциясы – коомдун демократияга жана укуктук мамлекетке болгон көп жылдык умтулуусунун натыйжасы жана келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө негиз болуп кызмат кылууда.

Конституция чыныгы документ болушу керек жана аны конституциялык адилеттүүлүк аркылуу коомдун өзгөрүп жаткан чакырыктарына жана муктаждыктарына ылайыкташтыруу мүмкүн болууда. Конституцияны сактоону жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону кепилдөө максатында конституциялык контролдун механизмдерин өнүктүрүүнү жана алардын натыйжалуу иштешин камсыз кылууну улантуу биз үчүн өтө маанилүү.

Бул конференцияда биз пикирлер менен гана алмашпастан, башка өлкөлөрдүн мыкты далилденген тажрыйбалары менен таанышып, конституциялык контролдоо тутумубуздун мындан да ары өнүктүрүү үчүн туура векторду иштеп чыга алабыз деп ишенем.

Мен бардыгыбызга бул конференциянын жүрүшүндө жемиштүү жана шыктандыруучу талкууларды, жаңы идеяларды жана өз ара түшүнүшүүнү каалайм.