Меню навигации+

Вашингтондо сот адилеттиги жана укук үстөмдүгү боюнча глобалдык форум өтүүдө

26.06.2024

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова 2024-жылдын 25-26-июнунда Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу (АКШ) штаб-квартирасында өтүүчү “Сот адилеттиги жана укук үстөмдүгү: Инклюзивдик жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоо” иш-чарасына катышты.

 

Форум Дүйнөлүк банктын мамлекеттик башкаруу боюнча глобалдык практикасы тарабынан уюштурулган жана ага 200дөн ашык катышуучулар, анын ичинде мамлекеттик жана сот органдарынын лидерлери жана адистери, жеке сектордун, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, фонддордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Иш-чаранын негизги максаты туруктуу өнүгүүнүн жана сот адилеттигин реформалоонун негизги элементтери катары сот адилеттигинин жана укук үстөмдүгүнүн ролун бекемдөө үчүн ар кандай кызыкдар тараптардын ортосунда диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүү болду.

 

Судья Чинара Айдарбекова жумушчу сессияларга жана дискуссияларга катышып, сот реформасы жана сот адилеттиги жаатындагы Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал өз сүйлөгөн сөзүндө сот адилеттиги жана укук үстөмдүгү жаатындагы жалпы максаттарга жетүү үчүн эл аралык кызматташтыктын жана мыкты тажрыйбалар менен алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Форумда төмөнкүдөй маанилүү маселелердин кеңири спектри козголду:

  • Бардыгы үчүн сот адилеттигине жетүү: сот адилеттигиндеги глобалдык ажырымды жоюу;
  • Инклюзивдик жана туруктуу өнүгүү үчүн сот адилеттиги жана мыйзамдын үстөмдүгү: аймактык перспективалар;
  • Сот системасында жасалма интеллектти колдонуунун өсүшү: перспективалар жана коркунучтар;
  • Адамдардын кызыкчылыктарына жетүү: кадимки сот адилеттигинин ролу;
  • Адилеттүүлүк экономикалык өнүгүүнүн маанилүү тиреги катары;
  • Сот адилеттигин ишке ашырууда технологиянын жана инновациянын ролу;
  • Туруксуз жана чыр-чатактардан улам келип чыккан шарттарда сот адилеттиги жана мыйзам үстөмдүгү;
  • Сот адилеттигине жетүүдө гендердик ажырымды жоюу;
  • Бизнес жана адам укуктары;
  • Сот адилеттигин санариптештирүү: тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр;
  • Кызматташтыкты илгерилетүү: сот адилеттиги жана мыйзам үстөмдүгү боюнча глобалдык өнөктөштүк жана башка актуалдуу темалар.