Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары «Укуктарды коргоо жана конституциялык көзөмөл» аттуу эл аралык конференцияга катышты

27.06.2024

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары Карыбек Дуйшеев жана Конституциялык соттун судьясы Лунара Жолдошева Россиянын Санкт-Петербург шаарында XII Петербург Эл аралык юридикалык форуму өтүп жаткан  биринчи күнү “Укуктарды коргоо жана конституциялык көзөмөл” аттуу эл аралык конференцияга катышты.

 

Россия Федерациясынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган Конференция 2024-жылдын 26-июнунан 28-июнуна чейин өтөт, ал жыл сайын өтүүчү Петербург эл аралык юридикалык форумунун бөлүгү болуп саналат. Иш-чара укуктарды коргоо жана конституциялык көзөмөлдүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн сот органдарынын, укук коргоо уюмдарынын, академиялык коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чогултту.

 

Конференциянын программасы укуктарды коргоонун жана конституциялык көзөмөлдүн ар кандай аспектилерине арналган эки сессияны камтыды. Ар бир сессия негизги баяндамачылардын сүйлөгөн сөздөрүнөн жана андан кийинки талкуудан турду, ага бардык каалоочулар катыша алышат. Конституциялык көзөмөлдүн натыйжалуулугуна, адам укуктарын жана жарандык эркиндиктерди коргоого, ошондой эле азыркы коомдогу сот органдарынын ролуна байланышкан темалар талкууланды.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары конференциянын ишине жигердүү катышып, конституциялык контролдоо жана укуктарды коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы жөнүндө доклад менен чыгып сүйлөштү.

 

Конференция сот адилеттиги жаатында эл аралык байланыштарды жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзүп, ар кайсы өлкөлөрдүн адистеринин арасында билим жана мыкты тажрыйбалар менен алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.