Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жамааты Улуттук тазалык күнүнүн алкагында жалпы шаардык ишембиликке катышты

14.09.2024

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Улуттук тазалык күнү” жана 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик таштандыларын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы боюнча Конституциялык соттун аппаратынын кызматчылары жалпы шаардык ишембиликке чыгышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер Конституциялык соттун имаратынын жанындагы аймакты таштандылардан тазалап, айлананын көркүн жакшыртышты. Бул иш-чара ыңгайлуу жана таза жашоо шарттарын түзүүгө багытталган мамлекеттик программанын бир бөлүгү болуп саналат.

Конституциялык сот экологиялык абалды жакшыртуу демилгесин колдоп, коомдо жаратылышка жана тазалыкка аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга салым кошууга аракет кылууда.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча демилгелерге Сиз да кошулуңуз!