Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун делегациясы АКСАнын 6-съездине катышты

19.09.2024

2024-жылдын 18-19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун делегациясы Азиянын конституциялык сотторунун жана аларга теңештирилген институттардын ассоциациясынын (АКСА) 6-чы Конгрессине жана Мүчөлөрүнүн чогулушуна (ВоММ) катышты, бул иш-чара Таиланд Королдугунда болуп өттү.

 

Иш-чаранын башкы темасы “Туруктуу коом үчүн конституциялык сот адилеттигин бекемдөөдө Конституциялык соттор жана ага теңештирилген институттар” болду.

 


Конгресстин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмил Осконбаев доклад менен чыгып сүйлөдү, анда глобалдык чакырыктар шартында конституциялык соттордун ролу кеңири каралды. Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылууда, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо, ошондой эле мамлекеттик түзүлүштүн туруктуулугун жана стабилдүүлүгүн сактоодо конституциялык контролдоо органдары негизги ролду ойной тургандыгы баса белгиленди.

 

Делегация жумушчу сессияларга активдүү катышып, конституциялык сот адилеттигинин эволюциясын жана тез өзгөрүүлөр болуп жаткан шарттарда социалдык өнүгүү үчүн анын маанисин талкуулашты.


Иш-чара эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана AКСАнын мүчө-өлкөлөрүнүн арасында конституциялык сот адилеттигин илгерилетүүгө багытталган Бангкок декларациясына кол коюу менен аяктады.