Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Мамлекеттик тил күнүн белгиледи

23.09.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун имаратында Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Бул маанилүү майрамдын урматына белгилүү акындардын ырларынан көркөм окуу, адабий чыгармалардан монологдор жана макал-лакап, табышмак жанрларын камтыган программа уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер көркөм сөз жана музыка аркылуу кыргыз тилинин кооздугун жана сөз түркүмдөрүнүн байлыгына көңүл буруп, тилди аздектөө керектигин белгилешти. Сценада кыргыз адабиятынын классиктеринин образдары жанданып, белгилүү кыргыз кинолорунун үзүндүлөрүнөн театрлаштырылган монологдор – эне тилин сактоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн кайрадан түшүнүүгө түрткү болду.

Катышуучулардын аткаруусунда жаңырган ырлар иш-чарага өзгөчө маанай тартуулап, чогулгандарды улуттук сыймыктануу жана биримдик духуна багыттады.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев майрамды жыйынтыктап жатып, улуттук иденттүүлүктүн негизи катары кыргыз тилинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындан ары кесиптик тилди да өнүктүрүүгө чакырды.

Иш-чара Мамлекеттик тил баарлашуунун каражаты гана болбостон, өлкөбүздүн маданий мурасынын маанилүү бөлүгү экендигин, өзгөчө көңүл бурууга жана урматтоого татыктуу экендигин эскертип өттү.