Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергүл Бобукеева тегерек столдо негизги эркиндиктерге тиешелүү иштерде соттук экспертизанын ролу жөнүндө сөз сүйлөдү
Бүгүн, 2024-жылынын 21-октябрында, Бишкекте Борбордук Азия үчүн БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын (БУУ АУЖКБ) башкармалыгынын аймактык бөлүмү тарабынан уюштурулган “Негизги эркиндиктерге тиешелүү иштерде соттук экспертизалоо институтунун ролу” темасында тегерек стол өтүүдө.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергул Бобукеева бул иш-чарага катышып, куттуктоо сөзү менен тегерек столду ачты. Ал өз сөзүндө сапаттуу жана көз карандысыз экспертизадан соттук чечимдердин адилеттүүлүгү гана эмес, жалпы эле жарандардын укуктук системага болгон ишеними көз каранды экенин баса белгиледи.
Меергүл Бобукеева Конституциялык сот Конституциянын сакталышына көзөмөл жүргүзүүчү жогорку орган катары, инсандын укуктары жана эркиндиктери контекстинде мыйзамдарды талдоо жана чечмелөө процессине активдүү катышып жатканын жана негизги эркиндиктерди, анын ичинде сөз эркиндигин, тынч чогулуштар эркиндигин коргоо жана басмырлоонун ар кандай формаларынан коргоо укуктук системанын ажырагыс элементи болууга тийиш экенин белгиледи.
Мындан тышкары, судья М. Бобукеева мындай талкуу тегерек столдун катышуучуларына тажрыйба алмашууга, сунуштарды иштеп чыгууга жана жарандардын укуктук жактан корголушун күчөтүүгө, ошондой эле мындай иштерде соттук экспертизалардын практикасын өркүндөтүүгө жардам бере турган идеяларды биргелешип илгерилетүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи. Ал тегерек столдо өлкөбүздө укуктарды жана эркиндиктерди камсыз кылууда мындан аркы кадамдар үчүн негиз боло турган көптөгөн конструктивдүү сунуштар иштелип чыгаарына ишенимин билдирди.
Тегерек стол мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, адвокаттардын, академиялык чөйрөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди, бул сот адилеттиги маселелери боюнча конструктивдүү диалог үчүн платформа түзүүгө мүмкүндүк берди. Катышуучулар ошондой эле экстремисттик аракеттерге каршы туруу боюнча Ички иштер министрлигинин жакында сунушталган мыйзамдык демилгелеринин алкагында соттук экспертизаларды колдонуунун келечектерин талкуулашты.