Меню навигации+

Конституциялык сот менен Жогорку сот өз ара аракеттенүү жана сот системасын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

20.11.2024

2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун имаратында Конституциялык соттун төрагасы Э.Ж. Осконбаевдин, Конституциялык соттун судьяларынын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы дайындалган төрагасы М.А. Сатыев, анын орун басарлары Н.А. Мусаев, Н. Ж. Бакирова, судья А. А. Давлетов, ошондой эле Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Р. М. Мырзалимов менен жолугушуусу болуп өттү.

Э.Ж. Осконбаев М. А. Сатыевди Жогорку соттун төрагасынын кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, анын кесиптик жолун, сот системасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, жүктөлгөн милдеттердин ийгиликтүү аткарылышына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жогорку сот органынын өз ара аракеттенүүсүнүн негизги маселелерин талкуулашты. Негизги басым төмөнкү багыттарга жасалды:

• Сот системасын өркүндөтүү: судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылуу, сот өндүрүшүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу, сот процесстерин оптималдаштыруу жана сот адилеттигине жетүүнү жакшыртуу үчүн санариптик технологияларды киргизүү;

• Сот практикасынын биримдиги: укуктук позициялар менен алмашуу механизмдерин түзүү жана татаал укуктук маселелерди чечүү жолун макулдашуу;

• Укуктук маданиятты жогорулатуу: сот системасына коомдук ишенимди жогорулатуу жана конституциялык баалуулуктарды кеңири жайылтуу үчүн биргелешкен билим берүү жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүү.

Катышуучулар сот системасын бекемдөө, сот өндүрүшүн өркүндөтүү жана укук үстөмдүгүнүн принциптерин илгерилетүү үчүн күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Жетишилген макулдашуулар Конституциялык сот менен Жогорку соттун ортосундагы мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө негиз түзөт.