Студенттер жогорку соттук органынын ишмердүүлүгү менен таанышышты
2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргызстандын эл аралык университетинин (КЭУ) студенттери катышты. Бул иш-чара Конституциялык соттун жогорку окуу жайлар менен кызматташуусу боюнча иш-чаралар планынын бир бөлүгү болуп саналат жана келечектеги юристтерди даярдоого, алардын теориялык билимдерин практикалык деңгээлде бекемдөөгө багытталган.
Иш-чара жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана келечектеги адистерди өлкөнүн конституциялык контролдоо боюнча жогорку органынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
Студенттер Конституциялык соттун китепканасына барышып, анын жооптуу адиси китепканада сакталган уникалдуу басылмалар жана укуктук материалдар менен тааныштырды. Бул ресурстар сот ишин камсыз кылуу үчүн маанилүү негиз болуп эсептелет.
Экскурсиянын кийинки этабы “Белектер бурчун” көрүү менен улантылып, анда Конституциялык соттун эл аралык кызматташтыгынын алкагында чет элдик конституциялык соттордон алынган эскерүү белектери көрсөтүлдү.
Конференц-залда бөлүмдөрдүн жетекчилери бөлүмдөрүнүн негизги багыттары тууралуу кеңири маалымат беришип, соттун уюштуруучулук иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп өтүштү.
Студенттердин өзгөчө кызыгуусун Соттук отурумдар залы жаратты. Бул жерде Конституциялык соттун судьясы Ч.А. Айдарбекова Конституциялык соттун жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу ролу, мамлекеттик бийлик системасындагы орду жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы мааниси тууралуу айтып берди. Студенттер активдүү түрдө суроолорду берип, толук кандуу жоопторду алышты.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өлкөнүн билим берүү мекемелери менен байланыштарды бекемдөөгө жана келечектеги юристтердин кесиптик өсүүсү үчүн шарттарды түзүүгө берилгендигин дагы бир жолу ырастайт. Мындай иш-чаралар узак мөөнөттүү кызматташуу планынын алкагында кийинки жылда да улантылат.