Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары
![](https://constsot.kg/wp-content/uploads/2025/01/dsc00707-scaled.jpg)
2024-жыл Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту үчүн Конституцияда, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамда жана Жылдын иш планында аныкталган милдеттерди ишке ашырууга багытталган интенсивдүү иштер менен белгиленди. Конституциянын үстөмдүгүн камсыздоого, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого, ошондой эле эл аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.
Конституциялык сот өндүрүшүндөгү негизги жетишкендиктер
2024-жылы Конституциялык сотко 118 кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинен:
- 60 кайрылуу ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун текшерүүгө, Конституцияны расмий чечмелөөгө жана Конституцияга өзгөртүүлөрдүн долбооруна корутунду берүүгө тиешелүү;
- 12 кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынды;
- 48 кайрылуу боюнча өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.
Келип түшкөн кайрылууларды кароонун алкагында Конституциялык сот:
- 11 чечим;
- 14 токтом кабыл алды.
2013-жылы Конституциялык палата түзүлгөндөн тартып 2024-жылдын аягына чейинки мезгилде конституциялык контролдоо органы тарабынан 159 чечим жана 1 корутунду кабыл алынган. Алардын ичинен 89 чечим мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын караган. Учурда кароонун ар кандай баскычтарында 10 чечим аткарылбаган бойдон калууда.
Эл аралык кызматташтык
Эл аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Корея Республикасынын Конституциялык соту менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу өзгөчө окуя болду. 2024-жылдын 27-майында кол коюлган бул документ маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту төмөнкү иш-чараларга катышты:
- Таиландда өткөн Азия конституциялык сотторунун жана ага тете органдардын ассоциациясынын VI конгресске;
- Беларусь Республикасынын Конституциялык сотунун 30 жылдыгына арналган конференцияга;
- Конституциялык контролдоо органдарынын Евразия ассоциациясынын отурумдарына.
Ички өз ара аракеттенүү жана билим берүү демилгелери
Өлкө ичинде кызматташууну бекемдөө максатында төмөнкү мекемелер менен жолугушуулар уюштурулду:
- Адвокатура менен;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен.
Конституциялык сот, ошондой эле:
- Юридикалык факультеттердин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү;
- студенттер арасында конституционализмдин негиздерин билүү боюнча конкурс;
- ЖОЖдордун окутуучулары үчүн конституционализм мектептерин өткөрдү.
Конституциялык баалуулуктарды жайылтуу
2024-жылы жарандардын конституциялык укуктары жана эркиндиктери жөнүндө маалымдарлыгын жогорулатуу боюнча иштер улантылды. Билим берүү иш-чаралары жана тематикалык материалдарды соттун расмий сайтына жарыялоо бул максатка өбөлгө түздү.
2024-жыл Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болду. Жүргүзүлгөн иштер укуктун үстөмдүгүн, институционалдык кызматташтыкты жана эл аралык байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле коомдогу укуктук аң-сезимди өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Бул жетишкендиктер конституциялык принциптерди жана жарандардын укуктарын натыйжалуу коргоого багытталган мындан аркы демилгелер үчүн негиз түзөт.