Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өзүнүн конституционализм мектептери аркылуу конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө юристтердин маалымдарлыгын жогорулатууну улантууда

28.02.2025

Конституциялык сотко кантип кайрылса болот?

Конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүгү эмнеде?

Мыйзамдардын конституциялуулугу кантип бааланат?

Ушул жана башка маанилүү суроолорго 2025-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда өткөн “Конституционализм мектебинин” катышуучулары жоопторду алышты.

Иш-чара жарандардын укуктарын коргоо менен алектенген юристтерди жана адвокаттарды чогултту.

Иш-чараны ачып жатып, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Конституциялык соттун мамлекеттик бийлик системасындагы маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал белгилегендей, соттун негизги миссиясы – Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана жарандардын укуктарын коргоо.

Теманы улантып, судья Чинара Аскарбековна Айдарбекова конституциялык сот өндүрүшү эмне экендигин, Конституциялык сотко кайрылуунун тартиби кандай экендигин жана ал сот өндүрүшүнүн башка түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланарын кеңири айтып берди. Ал мектептин катышуучуларына Конституциялык соттун актыларынын юридикалык күчүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүп берди.

Конституциянын сакталышын көзөмөлдөө механизмдери тууралуу судья Мээргүл Рыскулбековна Бобукеева айтып берди. Ал пропорционалдуулук, акылга сыярлык чектөө сыяктуу негизги принциптерди жана конституциялык контролдоодо колдонулган башка ыкмаларга кеңири токтолду.

Катышуучулар ошондой эле реалдуу мисалдарды талдай алышты жана Конституциялык сотко кайрылууларды даярдоо көндүмдөрүнө ээ болушту.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана коомдогу конституциялык маданиятты чыңдоо боюнча иштерди улантууда.