Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын сот тутуму кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоо!

05.03.2025




Урматтуу Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлери!

Сиздердин эмгек – мамлекетибиздеги адилеттүүлүктүн, мыйзамдуулуктун жана укуктук тартиптин негизи. Ар бир адамдын укугун жогору коюу менен жоопкерчиликтүү, принципиалдуу мамилеңиздер жарандардын ишеничин бекемдейт, алардын укуктары менен эркиндиктери ишенимдүү корголот, демократиялык баалуулуктар бекитилет.

Бүгүнкү кесиптик майрам күнү Сиздердин татаал, бирок абдан маанилүү ишиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин ишиңиздер сый-урматка татып, даанышмандык туура чечимдерди кабыл алууга өбөлгө болсун, ал эми адилеттүүлүккө умтулуу өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн бекем таяныч болуп кызмат кылсын!



Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Осконбаев