Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата Конституциялык сотто салтанаттуу иш-чара өттү

2025-жылдын 5-мартында Конституциялык сотто Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев судьяларды жана аппараттын кызматкерлерин кесиптик майрам менен куттуктап, алардын сот адилеттигин жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыздоого кошкон салымын белгиледи. Ал өз сөзүндө жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо, ошондой эле укуктук тартипти жана мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө сот тутумунун ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары, Кыргызстандын сот тутумунун 100 жылдыгына жана Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнүн келип чыгуу тарыхына арналган видеороликтер көрсөтүлдү.
Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын судьяларынын съезди өтүп, анда Конституциялык соттун аппаратынын жетекчисинин орун басары Ж.К. Аширматова жана улук консультанты Ч. М. Шергазиев ак ниет эмгеги жана кесибине берилгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Алкыш каттарына татыктуу болушту.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту сот тутумунун бардык кызматкерлерине алардын жоопкерчилиги, кесипкөйлүгү жана сот адилеттиги ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирет жана мындан аркы ийгиликтерди, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалайт.