­
Меню навигации+

Конституциялык сот жана Акыйкатчы институту жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн натыйжалуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

12.03.2025

Бүгүн, 2025-жылдын 12-мартында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы менен Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Диалог жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылууда маанилүү роль ойногон эки негизги институттун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө Конституциялык соттун чечимдерин ишке ашыруудагы проблемаларды Акыйкатчынын атайын баяндамаларында чагылдыруу жана алар тарабынан чара көрүү актыларын колдонуу мүмкүндүгү менен алардын аткарылышынын деңгээлин жогорулатуу маселелерине көңүл бурулду.

Укуктук агартуу чөйрөсүндө биргелешкен демилгелерди макулдашуу маанилүү кадам болду. Конституциялык сот Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлеринин потенциалын конституционализм мектептеринин алкагында окутуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Маалыматтык ишмердүүлүктү кеңейтүү зарылдыгына өзгөчө басым жасалды, мында тараптар жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргогон институттар жөнүндө алардын көбүрөөк кабардар болушу үчүн Конституциялык соттун жана Акыйкатчы институтунун ролун, статусун жана ишмердүүлүгүн түшүндүргөн жеткиликтүү жана түшүнүктүү материалдарды даярдоо жөнүндө макулдашты.

Бул диалог ар бир жаран үчүн укуктук кепилдиктерди күчөтүү жолундагы маанилүү кадам болду. Конституциялык сот жана Акыйкатчы институту укуктук мамлекетти чыңдоо жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу камсыз кылуу үчүн биргелешип ишти жактай тургандыгын тастыкташты.