Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын ачылышы

17.06.2025

2025-жылдын 17-июну.

Бүгүн, 2025-жылдын 17-июнунда, Baytur Resort курорттук комплексинде «Жаңы демократиядагы өлкөлөрдө конституциялык сот адилеттигинин калыптанышы» темасындагы эл аралык конференциянын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган.
Расмий ачылыш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун видео кайрылуусу менен башталды. Президент өз кайрылуусунда туруктуу демократиялык өнүгүүнү камсыздоодо көз карандысыз конституциялык сот адилеттигинин маанилүү ролун баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев куттуктоо сөзү менен кайрылып, конференцияга катышкандыгы үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди жана азыркы чакырыктар шартында чечимдерди биргеликте издөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Конференциянын ачылышында төмөнкү расмий өкүлдөр катышуучуларга кайрылуу жасашты:
• Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы М.А. Сатыев
• Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Ж.С. Жоробаев
• Казакстан Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Э.А. Азимова
• Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы М.-У.Э. Абдусаломов
• Евразия экономикалык бирлигинин сотунун төрагасы А.А. Дронов
• Монголиянын Конституциялык сотунун төрагасы Б. Гунгаа
• Хорватиянын Конституциялык сотунун төрагасы М. Шепарович
• Филиппиндин Жогорку сотунун башкы судьясы А.Г. Гесмундо (видео кайрылуу)

Ачылыш аземинен кийин пленардык сессиялар башталып, аларда Хорватиянын, Түштүк Кореянын, Румыниянын, Россия Федерациясынын жана башка өлкөлөрдүн конституциялык сотторунун өкүлдөрү доклад менен чыгып сүйлөштү.
Талкууларда конституциялык көзөмөл институттарынын калыптанышы жана трансформациясы, адам укуктары менен эркиндиктеринин корголушу, ошондой эле соттук практикага заманбап технологияларды интеграциялоо маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле Конституциялык контролдоо органдарынын Евразиялык ассоциациясынын мүчөлөрүнүн Комитетинин жыйыны өттү, анда мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана укуктук интеграцияны тереңдетүү маселелери талкууланды.
20 чет мамлекеттен өкүлдөрдүн катышуусу Кыргыз Республикасынын укуктук диалогдун эл аралык платформасы катары өсүп жаткан маанилүүлүгүн көрсөтөт.