Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн Конституционализм мектебин өткөрүүдө

25.06.2025

2025-жылдын 24-25-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана укуктун үстөмдүгү институту менен кызматташтыкта жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Адилеттүүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» долбоорунун колдоосунда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн Конституционализм мектебин өткөрүүдө.

Бул агартуу иш-чарасы, биринчи кезекте, мамлекеттик бийлик органдары менен Конституциялык соттун ортосундагы кесиптик терең диалогдун аянтчасы болуп кызмат кылат. Иш-чаранын максаты – укуктук маданиятты чыңдоо, институционалдык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана конституциялык укукту иш жүзүндө колдонууну өркүндөтүү.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев катышуучуларга кайрылып, Конституциялык соттун мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы мааниси жана Конституциянын үстөмдүгү принцибин ишке ашыруудагы анын ролу тууралуу айтып берди.

Конституционализм мектебинин программасы төмөнкү темаларды камтыды:
• конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жана укуктук негиздери;
• ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугунун презумпциясы, пропорционалдуулук жана акылга сыярлык чектөө принциптерин колдонуу;
• мамлекеттик органдардын конституциялык сот өндүрүшүнө катышуусу, юридикалык корутундуларды даярдоо жана укуктук негиздерди түзүү;
• Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчү, аткарылышы жана түшүндүрмөсү.

Иш-чарада чыгып сүйлөгөн лекторлор:
* Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев,
* Конституциялык соттун судьясы Чынара Аскарбековна Айдарбекова,
* Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери — бөлүм башчы
Ж.К. Аширматова жана башкы консультант Ч.М. Шергазиев,
* Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Башкы башкармалыгынын башчысы К.К. Байдылдаев.

Сабактар теория менен практиканы айкалыштырган форматта өтөт. Айрыкча Конституциялык соттун иш тажрыйбасынан алынган конкреттүү кейстерди талдоого көңүл бурулат, бул катышуучуларга алган билимдерин практикада колдонууга мүмкүндүк берет. Талкуулар активдүү суроо-жооп сессиялары, интерактивдүү форматтар, жана тажрыйба алмашуу менен коштолот.

Иш-чаранын акыркы күнүндө катышуучулар Конституциялык соттун санариптик ресурстары, анын ичинде расмий сайт жана видеоматериалдар менен таанышат. Программа аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.