Азербайжан Республикасынын Сот-укуктук кеңешинин 20 жылдыгына арналган “Соттук башкаруу жаатындагы глобалдык чакырыктар” аттуу эл аралык конференция

Баку шаары, Азербайжан Республикасы
2025-жылдын июнь айы
2025-жылдын 18-19-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары Лунара Жолдошева Кыргызстандын делегациясынын курамында Азербайжан Республикасынын Сот-укуктук кеңешинин 20 жылдыгына арналган “Соттук башкаруу жаатындагы глобалдык чакырыктар» темасындагы эл аралык конференциянын ишине катышты.
Конференция Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Судьялар кеңештеринин төрагаларынын үчүнчү кеңешмесинин алкагында өттү.
Иш-чаранын программасы соттук башкаруу жаатындагы глобалдык чакырыктар жана эл аралык заманбап чечимдерге арналган эки панелдик дискуссияны камтыды. Анда сот бийлигинин көз карандысыздыгын чыңдоо, сот тутумун санариптештирүү, адилет сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Конференциянын жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин сот кеңештеринин тармагын түзүү жөнүндө устав кабыл алынды. Бул Устав мамлекеттер ортосунда укуктук тилектештикти чыңдоону, сот-укуктук системалардын жакындашуусун, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишенимдүү платформаны түзүүнү, илимий-билим берүү программаларын уюштурууну, судьяларды кесиптик жана этикалык жактан даярдоону, ошондой эле биргелешкен укуктук изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана тажрыйба алмашууну көздөйт.
Мындан тышкары, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган делегациялардын эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү.
Иш-сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Максат Мамытканов менен биргеликте көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.
Конференциянын катышуучулары ошондой эле азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана академик Зарифа Алиеванын Ардактуу көрүстөндөгү мүрзөлөрүнө барып, гүлчамбарларды коюшту.