Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту юристтер үчүн Конституционализм мектебин өткөрүүдө

09.07.2025

2025-жылдын 9-10-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фонду менен биргеликте юристтер үчүн Конституционализм мектебин өткөрүүдө.

Иш-чаранын максаты — конституциялык көзөмөлдүн азыркы маселелерин терең изилдөө жана жаш адистердин конституциялык маселелер менен иштөөдө практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат.

Программанын алкагында катышуучулар Конституциялык соттун судьялары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишмердүүлүгүнүн негизги аспектилерин талкуулашат.

Конституционализм мектебинин программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

• мамлекеттик бийлик органдарынын системасында Конституциялык соттун орду жана ролу тууралуу презентациялар жана талкуулар;
• конституциялык сот өндүрүшүнүн этаптары жана конституциялуулук презумпциясы принциби боюнча түшүндүрмөлөр;
• пропорционалдуулук жана акылга сыярлык кармануу принциптерин колдонууга өзгөчө көңүл буруу менен ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун баалоо боюнча практикалык кейстер;
• кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдар боюнча соттун укуктук позицияларын талкуулоо;
• Конституциялык соттун чечимдерин аткаруунун, түшүндүрмө берүүнүн тартиби жана токтомдорунун юридикалык күчү менен таанышуу.

Катышуучулар Конституциялык сотко кайрылуу үчүн негиз катары “аныксыздык” темасына жана мындай кайрылууларга коюлган талаптарга айрыкча көңүл бөлүшөт.

Уюштуруучулар өздөрүнүн алдына агартуу максатын гана койбостон, ошондой эле катышуучуларды активдүү кесипкөй диалогго тартуу , конституциялык сот адилеттигинин жана укуктук мамлекеттин принциптерин комплекстүү түшүнүүнү калыптандырууга көмөктөшүү милдетин коюшту.

Конституционализм мектеби аяктагандан кийин бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.