Кыргызстан укуктук диалогду бекемдөөдө: Конституциялык соттун судьялары Бакуда өткөн Түрк дүйнөсүнүн конституциялык юрисдикцияларынын эл аралык конференциясына жана жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Чинара Аскарбековна Айдарбекова жана Меергүл Рыскулбековна Бобукеева Азербайжан Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган жана Баку шаарында өткөн маанилүү эл аралык иш-чараларга катышты.
Иш-сапардын алкагында Конституциялык соттун судьялары бир эле учурда эки ири укуктук форумга катышты:
🔹 «Конституциялык сот адилеттигин ишке ашыруу аркылуу Конституциянын үстөмдүгүн камсыздоонун учурдагы багыттары» темасындагы эл аралык конференция
Бул конференция конституциялык соттордун өкүлдөрүн, алдыңкы адистерди жана окумуштууларды жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, демократиялык институттарды чыңдоо жана конституциялык сот адилеттигинин ролун жогорулатуу маселелерин талкуулоо үчүн бириктирди. Катышуучулар Конституциянын үстөмдүгүн жана сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоодогу практикалык ыкмалар менен бөлүштү.
🔹 Түрк дүйнөсүнүн конституциялык юрисдикцияларынын жыйыны (TÜRK-AY)
Түрк тилдүү мамлекеттердин конституциялык сотторунун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө арналган атайын аянтча. Жыйындын жүрүшүндө Түркия Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Кадир Озкая мырза Түркиянын төрагалыгы мезгилиндеги ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарып, түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүндө конституциялык көзөмөл системасын өркүндөтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.
TÜRK-AY жыйынынын катышуучуларынын көңүлү өзгөчө Конституциялык сот адилеттиги боюнча дүйнөлүк конференциясынын 6- Конгрессине даярдалган улуттук докладдарга бурулду. Өз иш тажрыйбалары менен төмөнкү өкүлдөр бөлүштү:
• Азербайжан Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Рауф Кулиев мырза;
• Түркия Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын жетекчисинин орун басары Йылма Чынар мырза;
• Казакстан Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Еркин Онгарбаев мырза;
• Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чынара Айдарбекова айым;
• Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Мирза Улугбек Абдусаломов мырза.
Ошондой эле, иш-чаранын катышуучуларына Азербайжан Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Фархад Абдуллаев мырза куттуктоо сөзү менен кайрылып, конституциялык соттордун ортосундагы түз диалог жүргүзүү укук үстөмдүгүн бекемдөөнүн жана адам укуктарын коргоонун негизги механизми экендигин баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын мындай өкүлчүлүктүү эл аралык форумдарга катышуусу түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосунда кесипкөй диалогду жана укуктук кызматташууну бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Мындай иш-чаралар тажрыйба алмашууга жана конституциялык көзөмөл чөйрөсүндө учур чакырыктарын талкуулоого, ошондой эле Конституциянын үстөмдүгүн, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыздоодо биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.