Бишкекте «Аял — дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн лидер» аттуу эл аралык форум өттү

2025-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында «Аял — дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн лидер» аттуу эл аралык форум болуп өттү.
Иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандан келген айымдарды чогултуп, үй-бүлөнү чыңдоодогу, коомду өнүктүрүүдөгү жана тең мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүүдөгү аялдардын ролун талкуулоонун маанилүү аянтчасына айланды.
Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова, Өзбекстан Республикасынын Президентинин администрациясынын башчысы Саида Мирзиёева, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле ар кыл кесиптик тармактардын өкүлдөрү катышты.
Форумдун катышуучулары аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулап, кесиптик жана жеке өсүү боюнча тажрыйбаларын бөлүшүп, максатка жетүү жолундагы умтулуунун жана эрктүүлүктүн үлгүлөрүн көрсөтүштү.
Форумдун ардактуу катышуучуларынын катарында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова да болду. Анын катышуусу гендердик теңчилик жана аялдардын коомдук өнүгүүгө кошкон салымы тууралуу диалогдо сот бийлигинин өкүлчүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Бишкекте өткөн форум Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты жана достукту чыңдоодо маанилүү окуя болду. Анын жыйынтыктары аялдардын активдүү ролу коомдун оң өзгөрүүлөрүнө жана прогрессине түрткү болорун дагы бир жолу тастыктады.