Меню навигации+

«Таза шаар — биздин колубузда! Бишкекти бардык жашоочулар жана коноктор үчүн ыңгайлуу жана көркөм шаарга айландыруу — биздин жалпы максатыбыз»

20.09.2025

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппараты шаардык ишембиликке катышты

 

Бишкек, 2025-жылдын 20-сентябры

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук тазалык күнүн өткөрүү боюнча Жарлыгына жана 2023–2025-жылдарга карата катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында, 2025-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында өткөн жалпы шаардык ишембиликке Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын кызматкерлери активдүү катышышты.

 

Иш-чаранын максаты — шаардын санитардык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу жана жарандык жоопкерчиликти өнүктүрүү.

 

Конституциялык соттун Аппаратына бекитилген аймакты иретке келтирүү боюнча иштер аткарылып, таштандылар, кулаган жалбырактар тазаланып, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ишембилик биримдикте, демилге менен жана борбор калааны таза жана жайлуу кылууга болгон жалпы умтулуу менен өттү.

 

Бул иш-чара Конституциялык соттун кызматкерлеринин шаарды көрктөндүрүүгө жана Бишкектин экологиялык тазалыгын сактоого жеке салым кошууга болгон каалоосунун көрүнүшү болду.

 

«Таза шаар — биздин колубузда! Бишкекти бардык жашоочулар жана коноктор үчүн ыңгайлуу жана көркөм шаарга айландыруу — биздин жалпы максатыбыз»