Конституциялык сот болочок юристтерди даярдаган жогорку окуу жайлардын окутуучулары үчүн конституционализм мектебин өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жогорку окуу жайлар менен конституциялык баалуулуктарды жайылтууга жана укук сабактарын окутууга бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга багытталган өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында 2005-жылдын 9-октябрында юридикалык факультеттердин окутуучулары үчүн Конституционализм мектеби өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты – болочок юристтерди даярдоонун сапатын жогорулатууга, конституциялык укуктун теориясы менен практикасынын ортосундагы байланышты бекемдөөгө, ошондой эле жогорку кесипкөй юристтердин муунун калыптандыруу үчүн академиялык коомчулук менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.
Катышуучуларга Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев учурашуу сөзү менен кайрылды. Ал Конституциялык соттун билим берүү демилгелери Конституциянын үстөмдүгү принцибин иш жүзүндө жүзөгө ашырууда жана коомдо конституционализм маданиятын калыптандырууда маанилүү ролду аткара тургандыгын баса белгиледи.
Конституционализм мектебинин программасынын алкагында катышуучулар бир катар негизги темалар, анын ичинде мамлекеттик бийлик системасындагы конституциялык көзөмөл органынын орду жана ролу, конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, укук принциптерин жана укуктук доктриналарды ченемдик актылардын конституциялуулугун баалоодо колдонуу, ошондой эле Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчү жана аларды аткаруу тартиби менен таанышты.
Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев, ошондой эле судьялар Чинара Айдарбекова жана Меергүл Бобукеева лекция окушту. Семинардын программасы катышуучуларга заманбап тенденцияларды, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун укуктук доктриналарын жана практиканы эске алуу менен конституциялык укукту окутуу боюнча билимдерди бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берген интерактивдүү окутуу формаларын жана практикалык тапшырмаларды камтыды.
Катышуучулар алынган билимдер окуу программаларын өркүндөтүүгө жана студенттердин укуктук маданиятын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Бул иш-чара “СИВИКС” коомдук фондунун техникалык колдоосунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.