Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруунун алкагында Улуттук тарых музейинде болду
 
		“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу жана жарандык-укуктук тарбияны бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын кызматкерлери Улуттук тарых музейинде болушту.
Экскурсия учурунда катышуучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунун – байыркы доордон тартып азыркы мезгилге чейинки – негизги этаптары менен таанышты. Музей кызматкерлери археологиялык табылгалар, маданий салт-санаа, кыргыз этносунун калыптанышы жана эгемен Кыргызстандын өнүгүүсү жөнүндө айтып беришти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу адеп-ахлагы жогору жана жоопкерчиликтүү мекенчил жарандарды тарбиялоого багытталган.
Музейге баруу Уңгужолду ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдардын бири болду, бул Аппараттын кызматкерлеринин өлкөнүн басып өткөн тарыхый жолу тууралуу билимин тереңдетүүгө жана улуттук иденттүүлүк сезимин бекемдөөгө өбөлгө болмокчу.
Маалымат:
Улуттук тарых музейи 1925-жылдын 9-декабрында негизделген, ал эми 1927-жылдын 5-мартында алгачкы келүүчүлөр үчүн эшигин ачкан. Бүгүнкү күндө анын фондунда өлкөнүн археологиялык, этнографиялык жана маданий мурасын чагылдырган жүз миңден ашуун экспонат сакталат.
Экспозициялар байыркы доорду, орто кылымды, советтик мезгилди жана биздин күндөргө чейинки эгемен Кыргызстандын өнүгүү жолун камтыйт.
 
 
 
				






