Өзбекстандын Конституциялык соту түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөдө
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотунун 30 жылдыгына арналган “Конституциялык реформалардын жана конституциялык көзөмөл институтун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери” темасында өткөн эл аралык конференцияга катышты.
Конференция конституциялык юстиция органдарынын жетекчилерин, парламенттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жана окумуштуу-укук таануучуларды бириктирди. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Таиланддын, Индонезиянын, Түркиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Азербайжандын, Россиянын жана Беларустун конституциялык сотторунун төрагалары жана судьялары, ошондой эле 30дан ашуун эксперттер жана эл аралык структуралардын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар адамдын кызыкчылыктарын камсыз кылуу көз карашынан алганда, конституциялык реформалоо маселелерин, конституциялык көзөмөлдү ишке ашыруунун жана укуктар менен эркиндиктерди коргоонун заманбап ыкмаларын, ошондой эле азыркы укуктук жана социалдык чакырыктар шартында конституциялык сот адилеттигинин практикасын өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2025-2027-жылдарга Азия конституциялык сотторунун жана аларга теңештирилген институттардын ассоциациясындагы (AКСА) төрагалыкты Таиланд Королдугунун Конституциялык сотунан Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотуна өткөрүп берүү салтанаттуу аземи болуп өттү .
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы “Кыргыз Республикасында конституциялык көзөмөлдүн калыптанышы: институтташтыруу чакырыктары жана туруктуулук жолдору” деген темада баяндама жасады.
Ал өз сөзүндө: “Конституция абстрактуу документ катары эмес, коомдун жашоосунун негизги аспекттерин жөнгө салуучу жандуу жана таасирлүү курал катары кабылданышы керек. Ал юристтердин гана эмес, ар бир жарандын ой жүгүртүүсүнүн бир бөлүгү болууга тийиш” –деп белгиледи.
Конференциянын алдында, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун делегациясынын Төрага Мирза-Улугбек Элчиевич Абдусаломов баштаган Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Конституциялык сотко даректелген кайрылууларды жана даттанууларды кароо практикасынын, ошондой эле эки соттун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты. КР КС Төрагасы өзбек тарапка жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин конституциялык юстиция органдарынын ортосундагы туруктуу кесиптик өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.









