Азербайжан Конституциянын 30 жылдыгын белгилөөдө
2025-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Азербайжан Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган “Конституция жана азыркы укуктук системаларда мыйзамдын үстөмдүгү” темасындагы эл аралык конференцияга катышты.
Иш-чара Конституция жана Эгемендүүлүк жылынын алкагында Азербайжан Президентинин Администрациясынын колдоосу менен Баку шаарындагы “Гүлистан” сарайында өттү.
Конференция чет мамлекеттердин конституциялык сотторунун төрагаларын жана судьяларын, омбудсмендерди, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди.
Катышуучулардын арасында Таиланд, Индонезия, Түркия, Грузия, Кыргызстан, Азербайжан, Россия, Беларусь жана башка өлкөлөрдүн делегациялары болду. Пленардык жыйындар башталганга чейин катышуучуларга Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин кайрылуусу тааныштырылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев да баяндама жасап, ал конституциялык юстиция институттарын чыңдоо үчүн эл аралык эксперттик диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.
Укуктун үстөмдүгү маселелерин, конституциялык принциптерди жана азыркы укуктук чакырыктарды талкуулоо конференциянын программасынын маанилүү бөлүгү болду, бул өз кезегинде катышуучу өлкөлөрдүн конституциялык көзөмөл органдарынын ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнүн бекемделишин шарттайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун эл аралык иш-чараларга катышуусу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, ийгиликтүү тажрыйбалар менен алмашууга жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.







